Өлкөдө кызамык менен ооругандардын саны өстү. Министрлик балдарды эмдетүүгө чакырды

Саламаттык сактоо министрлиги ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдетүүгө чакырды. Министрлик бул боюнча балдардын арасында аталган оорулардын саны өсүп жаткандыктан кайрылды.

Министрлик кызамык жана кызылчаны дарылоонун атайын жолу жоктугун, бирок эмдөө аркылуу ооруну алдын аласа болорун белгиледи.

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы эмдөө 1 жаштагы (12 айга) балдар арасында жүргүзүлөт, ал эми ревакцинация 6 жашта жүргүзүлөт.   

«Эмдөө балдардын жана коомдун ден соолугун вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоонун маанилүү кадамы болуп саналат», — деп белгиледи министрлик.  

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери өлкөдө кызамыктын 1001 учуру катталган. 2020-жылы — 733, 2021-жылы — 3, ал эми 2022-жылы болгону бир учур катталган.

Ведомство 1001 учурдун ичинен 81%ы эмдөө албагандар экенин айтат.

Министрлик COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөп кетиши Кыргызстанда кызамык менен кызылчанын өсүшүнө негизги ролду ойногон деп эсептейт. Ошондой эле ведомство өлкөдө кызамыктын жайылуусун алдын алуу үчүн бардык керектүү чараларды көрүлүп жатканын кошумчалады.