Караколдо 67 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 67 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 13-августта болгон. Тез жардам кызматынын дарыгери милицияга калаадагы үйлөрдүн биринде бычакталган аялдын сөөгү табылганын кабарлашкан.

Жерине барган милиция кызматкерлери маркумду денесине ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан абалда табышкан. Кийин каза болгон аял Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну экени аныкталган. 

Бул окуя шаардык милицияга каттоого алынып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну кармалды — ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алганы айтылууда.

Шектүү. Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи

Каракол шаардык милициясы сот шектүүнүн баш коргоо чарасын караганга чейин аны убактылуу кармоочу жайга киргизди. 

Облустук милициядан азыркы тапта кылмыштын себептери жана жагдайлары такталып жатканын белгилеп, кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. 2022-жылы эле Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланарын айтышат. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат. Эркектер мындай кадамга кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун же зордук-зомбулуктун натыйжасында барышат.

Эгер сиз зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милицияга же өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кризистик борборлор каржылык, укуктук кыйынчылыкка карабай өлкөдөгү аялдарды кантип коргоп келет?

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү