«Байсаловдун тиешеси»: Креативдүү индустриялар паркы эмне үчүн иш баштай албай турат?

Креативдүү индустриялар ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы жана ишкер Данияр Аманалиев Телеграм каналында Экономика жана коммерция министрлиги Креативдүү индустриялар паркына (КИП) тиешелүү токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарганан билдирди.  

Аманалиев документте ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмеси жок болуп атканы КИПтин ишке киришин кечеңдетип жатканын айтып берди. 

«Тизме жарым жыл мурда эле биздин түзмө-түз катышуубуз менен иштелип чыккан, үч ай мурда бардык тийиштүү мамлекеттик ведомстволор менен макулдашылган. Аны билишимчен, бир эле себептен улам жарыялабай жатышат. Ал конкреттүү бир кишиге жакпай жатыптыр», — деп жазды Аманалиев. 

Ишкер документтин экинчи пункту «өлкөдө эбактан бери эле убадаланган Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүүгө тоскоол болуп жаткан» адам ким деген суроого жооп берип турарын түшүндүрдү. 

«Бул пункт аркылуу Финансы министрлигинин Байкоочу кеңештеги өкүлү Эдил Байсаловго алмаштырылып жатат — ал минкаб төрагасынын социалдык блокту координациялаган орус басары», — дейт Аманалиев. 

Мындан тышкары, ишкердин айтымында, документтен паркты түзүү иши менен буга чейин мыйзамга жана токтомдорго бардык түзөтүүлөрдү демилгелеген Креативдүү индустриялар ассоциациясы эмес, башка түзүм алектенерин түшүнсө болот. Ошондай эле ал аталган токтом долбоорунун 2.4 пункту КИПтин резиденттерин тандоо критерийин бүдөмүк кылып коёрун кошумчалады. 

«КИПтин резиденттери салыктык жеңилдиктерди аларын эске алганда, мындай субъективдүүлүк Байкоочу кеңешке катыша тургандын баарына чоң тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал. 

Аманалиев документтин маалымкат-негиздемесинде аталган түзөтүүнүн баары бир эле адамдын айынан демилгеленди деп турганын да белгиледи.  

«Бул маалымкатта бир гана негиз келтирилген, ал токтом конкреттүү бир адамдын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатканын ачык айтып турат: “Бирок Байсаловдун тапшырмасына ылайык, минкабдын “Креативдүү индустриялар паркын түзүүгө байланышкан айрым маселелер жөнүндөгү” токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы коюлган», — деп жазды ал. 

Ишкер аталган токтомду кабыл алуу КИПтин идеясын түп тамырынан талкалап, Кыргызстанды «креативдүү экономиканын өнүгүшүн ушунчалык тайманбай колдогон» дүйнөдөгү биринчи өлкө болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюушу мүмкүн деп эсептейт.  

Ошондой эле Аманалиев президент Садыр Жапаров жана минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдон аталган токтомду коомдук талкуудан алып салууга чакырды. 

КИПтин расмий ачылышы 29-июлда Бишкекте өткөн. Иш-чарада минкабдын башчысы Акылбек Жапаров республика «жакыр өлкө синдромунан арылды»,  эми «Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн көптү үмүттөндүргөн этабы башталды» деп билдирген. Парк креативдүү индустриялар үчүн жеңилдетилген салык режимин шарттайт, бул алардын өнүгүшүнө түрткү бериши керек.   

Бирок азырынча андай мүмкүнчүлүктү колдонууга болбой турат. КИП расмий ишке киргени менен, анын дирекциясы дагы деле иштелип чыга элек. Ал Парктын байкоочу кеңеши чогулмайын иш баштай албайт. Кеңешке ишкерлерден тышкары, мамлекет тарабынан дайындалган эки адам кириши керек — мамлекет болсо алар кимдер болорун дагы деле чече элек. КИПке тигил же бул ишкерди каттоону дал ушул дирекция жана байкоочу кеңеш чечет.  

Андан тышкары, мамлекет ишкердиктин «креативдүү» тармактарынын тизмесин тактап бүтө элек. Мыйзамда креативдүү экономиканын жалпыланган 20 тармагынан турган тизме жазылган.

Дагы окуңуз: Креативдүү индустриялар паркына азырынча катталууга болбойт. Себебин түшүндүрөбүз