Акылбек Жапаров: Биз жакыр өлкө синдромунан арылдык  

29-июнда Кыргызстанда Креативдүү индустриялар паркы расмий ишке кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди

«Ар кандай негитивдүү божомолдорго карабастан, Министрлер кабинети президенттин жетекчилиги астында өлкөдө туруктуулукту камсыздап жана ишенимдүү өсүш гана жасабастан, дүйнөгө башка жагын — Кыргызстандын колунан келерин далилдей алды: өлкөбүз жөнүндөгү стереотиптердин баарын талкалай алдык — жакыр өлкө синдромунан арылдык», — деп билдирди Жапаров. 

Ошондой эле минкабдын башчысы бүгүнкү күндөн тартып Кыргызстандын Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан экономикалык өнүгүүсүнүн көптү үмүттөндүргөн этабы башталганын айтып, креатив — бул прогресстин кыймылдаткычы деп кошумчалады. 

Мындан тышкары, Жапаров дүйнөдөгү бардык креаторлорду Кыргызстандагы Креативдүү индустриялар паркынын мүчөсү болууга чакырды. Ал YouTube’да балдар контенти аркылуу дүйнөгө таанылган D Billions музыкалык тобун мисал келтирди. 

«Бул өлкөбүздүн жана бүгүн ушул жерде турган ар бириңиздердин потенциялыңыздар зор экенин көрсөтүп турат. Мен сиздерди мындар ары да долбоорлорду илгерилетүү, өнүктүрүү жана жаратуу менен бул потенциалды активдүү арттырууга чакырам. Өз кезегинде мамлекет “Жаратман Кыргызстан” брендин алга жылдырууга шарттарды түзүп, жарандардын чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнөдө суроо-талапка ээ инновациялык продукцияларды өндүрүүгө көмөктөшүүнү улантат», — деди Жапаров.  

«Креативдүү индустриялар паркы жөнүндөгү» мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылдын августунда кол койгон. Анда Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясынан Кыргызстан өзүндө ушундай мыйзамды кабыл алган дүйнөдөгү биринчи экенин билдирген.   

Креаторлор тизмесине баш-аягы креативдүү ишмердүүлүктүн 20 түрү кирген. Алардын арасында IT, медиа искусство, интерьер дизайны, көркөм өнөр, музыка, кино, видеопродакшн, графикалык дизайн, кол өнөрчүлүк, мода индустриясы, ЖМК жана башкалар кирген.