Жалал-Абад шаарынын үстүнөн учкан учак. Сүрөт: Булат Сатаркулов

Журналист Булат Сатаркулов 17-августта соцтармактагы баракчасына шаардын борборунан 2 километр алыс жайгашкан Жалал-Абад аэропортунан учуп бара жаткан учактын сүрөтүн бөлүштү.

Сүрөттөн учак зым мамылардан анча бийик эмес учканын, ал эми шаар тургундары жай турмушун улантып жатканын көрүүгө болот. Аэропорт жайгашкан жерден анча алыс эмес аралыкта турак жайлар, унаа жолу жана май куюучу жайлар орун алган.

Үстүбүздөгү жылы 1-майда өлкө башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад жана Ош шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышкан.

Долбоорго ылайык, алар эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде жайгашкан толук кандуу аэропорттор болмокчу.

Учурда иштеген 168 гектар аянтка ээ «Ош» жана 78,2 гектар аянтка ээ «Жалал-Абад» эл аралык аэропортторунун ордуна заманбап турак жай кичирайондору курулат.

Андагы батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекага берилери айтылган.

«Жалал-Абад» аэропорту — 1975-жылы ишке кирген. Ички каттамдарды гана ишке ашырат жана жумасына 9 каттамга чейин аткарылат. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулат

Садыр Жапаров: 2026-жылга чейин аэропорттордун инфрастуктурасы жакшыртылат