Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулат

«Ош» эл аралык аэропорту. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу 1-майда президенттик администрациядан кабарлашты.

Долбоорго ылайык, алар эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде жайгашкан толук кандуу аэропорттор болмокчу.

Учурда иштеген 168 гектар аянтка ээ «Ош» жана 78,2 гектар аянтка ээ «Жалал-Абад» эл аралык аэропортторунун ордуна заманбап турак жай кичирайондору курулат.

Андагы батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта ипотекага берилери белгиленди.

«Ош» эл аралык аба майданы — Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. Азыркы аэропорт Ош шаарынан тогуз чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Жалал-Абад» аэропорту — 1975-жылы ишке кирген. Ички каттамдарды гана ишке ашырат жана жумасына 9 каттамга чейин аткарылат. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күндүн буюрсасы: Садыр Жапаров Караколдогу жаңы аэропорт июнда ачыларына ишенет

Садыр Жапаров: 2026-жылга чейин аэропорттордун инфрастуктурасы жакшыртылат

Күндүн буюрсасы: Садыр Жапаров Караколдогу жаңы аэропорт июнда ачыларына ишенет