Садыр Жапаров: 2026-жылга чейин аэропорттордун инфрастуктурасы жакшыртылат

Президент Садыр Жапаров 7-майда «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жапаров салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда 2026-жылга чейин аэропорттордун инфраструктурасы жакшыртылып, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилерин белгиледи.

Президент өнүктүрүү программасына «Ысык-Көл», «Каракол», «Нарын», «Ош», «Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору киргизилгенин белгиледи.

«Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аеропорттор: Казарман, Талас өңдүү аэропорттор ишке киргизилет. Бул чыгымдар “Манас” аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр андагы коррупцияны жоюлуп, быйыл таза кирешеси 4 миллиард сомду түздү. Буга чейин таза кирешеси 2 миллиард сомдун тегерегинде болчу», — деди Жапаров сөз сүйлөп жатып.

Жапаров ошондой эле, Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропорту мындан ары жыл бою иштей турганын белгиледи. Ал эми аэропорттогу каттамдардын жана жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүп, аларга ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүү максатында бүгүн жаңы аэробекет куруу, аэродром элементтерин реконструкциялоо иштери башталды.

«Аэропорттогу курулуш иштери аяктагандан кийин, биз саатына 250 жүргүнчү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар жаңы перрон, ошондой эле, “Embraer 190” үлгүсүндөгү жана ушуга окшош учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 2400 метр узундуктагы учуу-конуу тилкесине ээ болобуз», — деди президент.

Садыр Жапаров «Каракол» аэропортунун иши кайрадан жанданганын белгилеп, эми кошумча жумушчу орундар түзүлөт деп билдирди. Аэропорт келечекте республиканын калкынын жана чет элдик туристтердин аба транспортуна болгон керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетишерине үмүт артты.

«Туроператорлор Каракол шаарында жыл бою эс алуу үчүн бардык шарттарды түзүп, облустун экономикасынын өнүгүшү менен бирге Кыргызстандын туризм тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошот», — деди ал.