Баңгизатка байланыштуу беш кызматкер кармалган соң ИИМдин 18 жетекчиси жазаланды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын беш кызматкери кармалгандан кийин 18 жетекчи жазаланып, алтоо кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 19-августта ИИМден кабарлашты.

Азыр алты жетекчинин төртөө кызматынан бошотулуп, экөө тууралуу буйрукка кол коюлган соң маалымат берилери айтылды. Иштен бошотулгандар:

  • Бишкек ШИИББнин башчысы Азамат Ногойбаев;
  • Бишкек ШИИББнин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Кылычбек Жолдошов;
  • Бишкек ШИИББнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын башчысы Мухтарбек Токтогулов;
  • Чүй ОИИБнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысы Азамат Имангазиев.

Мындан тышкары ИИМдин дагы 12 кызматкери тартиптик жазага тартылды:

  • ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынынын жетекчилик курамындагы беш кызматкер;
  • Бишкек ШИИББнин жетекчилик курамдагы үч кызматкер;
  • Чүй ОИИБнин жетекчилик курамдагы төрт кызматкер.

17-августта УКМК баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү учурларын жашыруу жана пара опузалоого шектеп ИИМдин беш кызматкерин кармаган. Алар баңгизаты бар кишилерди Whatsapp жана Telegram аркылуу аныктап, аларды атайылап кармагандай түр көрсөтүшкөнү айтылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев иштен кетип, ордуна жаңы жетекчи дайындалды