Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев иштен кетип, ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Азамат Ногойбаев

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу 18-августта 24.kg басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматта Ногойбаевдин иштен кетишине ИИМдин кызматкерлеринин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын жашырып, пара опузалоого шектелип кармалышы себеп болгону айтылат.

Ногойбаевдин ордуна буга чейин Талас облустук милициясынын башчысы болуп иштеп келген Азамат Токтоналиев келгени кабарланды.

Азамат Токтоналиев

17-августта УКМК баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү учурларын жашыруу жана пара опузалоого шектеп ИИМдин беш кызматкерин кармаган. Кийин буга байланыштуу 18 жетекчи тартиптик жазага тартылганы кабарланды.

Ногойбаевдин чуу жараткан билдирүүсү жана митинг

Азамат Ногойбаев жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө жыныстык катнашка баргандыктан кырсыктар катталып жататат» деп айтканы менен белгилүү.

Ал мындай оюн үстүбүздөгү жылдын 31-мартында зордуктоого кабылып, беш айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берип жатып айткан.

Көп өтпөй шаардык милициянын алдында Ногойбаевдин отставкасын талап кылган митинг өткөн. Акциянын катышуучулары «Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнаш — зордуктоо», «Ногойбаев отстакага кетсин» жана «Калаага абийирдүү милиционер керек» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп чыгышкан.

Митингчилер менен Ногойбаев өзү жолуккан эмес. Бирок ал журналисттерге «эмне деп айткан сөзүн аңдап турарын, ал үчүн жоопкер экенин» белгилеп, журналисттер сөзүн «туура эмес чечмелешкен» деп билдирген.

Анын айтымында, «жашы жете электерди айыптагысы келген эмес», жөн гана «жашы жете электер үйдөн кеткенде издөөдө болуп, зомбулукка кабылып, жыныстык катнашта болуп калып жаткан фактылар бар экенин жеткиргиси келген».

Кийинчерээк анын айткан сөздөрү кызмат абалына толук ылайык келбегени үчүн дисциплиналык эскертүү берилген.

Ногойбаев Бишкек ШИИБине 2021-жылдын май айында Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин иштен алынган Бакыт Матмусаевдин ордуна дайындалган.