УКМК: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн пара опузалаган ИИМ кызматкерлери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын жашыруу жана пара опузалоого шектеп ИИМдин беш кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: УКМК

Маалыматына ылайык, атайын кызмат ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлеринен турган топ синтетикалык каражаттарды колдонгон адамдардан акча опузалоо боюнча атайын схема түзүшкөнү тууралуу маалымат алган.Укук коргоо орган кызматкерлери баңгизаты бар адамдарды Whatsapp жана Telegram мессенжерлери аркылуу аныктап, аларды кармоону инсценировка кылышканы айтылат.

Жалган кармоолор камерага тартылган. Тартылган видеолор кармалгандардан 20 миң сомдон 5 миң долларга чейин акча опузалоо үчүн колдонулган. Акча алынгандан кийин укук коргоо орган кызматкерлери кармалгандарды алгач коркутуп, андан кийин бошотуп, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын жашырып жүрүшкөн.

Тергөө акыркы 2 жылга карата мындай учурлардын 200дөн ашуун фактысын аныктаган. Учурда бул схемага тартылгандардын баарын аныктап жана кармоо үчүн тергөө жүрүп жатат.

Кармалган ИИМ кызматкерлерине «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү», «опузалап пара талап кылуу» жана «Кылмыш чөйрөсүн түзүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Автору: Акылай Курманова