Төрөтканада акыреги сынган ымыркай: Дарыгерлер катачылыкка жол бергени аныкталды

Сүрөт: Саламаттыкты сактоо министрлиги

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөтканада дарыгерлердин «шалаакылыгынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын акыреги сынды» делген окуя боюнча кызматтык иликтөө аяктады. Бул тууралуу 18-августта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерлер катачылыкка жол бергени аныкталды. Кызматтык иликтөө министрдин орун басарынын жетекчилиги менен жүргүзүлдү.

«Төрөткананын жетекчилигине директордун орун басарын тартип жазасына тартуу жана акушер-гинекологдун, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн башчысынын жана окуяга тиешеси бар башка медицина кызматкерлеринин ээлеген жумуш орду боюнча маселени карап чыгуу сунушу берилди», — деп белгилешти министрликтен.

Буга чейин, 15-августта Караколдогу төрөтканада дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жаңы көз жарган аял жана ымыркайы оор абалда экенин жакындары айтып чыгышкан.

«Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынган, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз», — деп аялдын күйөөсү президентке кайрылган.

Ал эми саламаттык сактоо министрилигинен кызматтык иликтөө башталганын билдиришип, ымыркайга да, жаңы төрөгөн аялга да тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалашкан.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында аталган ооруканада жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган алты учур катталган. Ага төрөт үйүндөгү инфекция себеп болгону айтылып, жетекчиси кызматтан алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Каракол: Акыреги сынып калган ымыркайдын атасы дарыгерлерди шалаакылыкка айыптады