Президент Садыр Жапаров казакстандык төкмө Биржан Калдыбаевге аргымак мингизди

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан казакстандык төкмө Биржан Калдыбаевге аргымак тартууланды. Бул тууралуу 20-августта президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков фейсбукка жазды.

Буга чейин, 13-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында старт алган көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун  ачылыш аземинде ырдаган казак акыны өлкө башчыга кайрылып, «жөө келгенин» айтып тамашалап ырдаган болчу

«Бул жерге жээндериң жөө келди,

Жөө келгенде дагы өтө жай келди.

Садыр агам бир тулпар мингизет деп,

Ушул иш-чарага, жээндериңиз кыялдана келди», — деп төккөн Биржан Калдыбаев.

Иш-чарага катышкан президент Жапаров акынга жеринде таза кандуу аргымак тартуулай турганын убадалаган. Сый белекти көк бөрү оюну жыйынтыкталган соң президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тапшырды.

20-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун финалдык оюндары өтүп, жогорку лигада Кыргызстандын «Ынтымак», ал эми клубдар лигасында «Жаштык» командасы чемпион болгон.

Аталган мелдешке алты өлкөнүн: АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Турнир 13-августта башталып, 20-августта жыйынтыкталды.

Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу быйыл биринчи жолу өткөрүлдү. Мелдешти эки жылда бир өткөрүү пландалууда.

Көк бөрү — кыргыз улуттук ат оюну. Эреже боюнча, оюнчулар улакты талашып, аны атаандаштарына тарттырып жибербей, каршы команданын тай казанына ташташы керек. 2017-жылы көк бөрү адамзаттын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу: «Ынтымак» жана «Жаштык» командалары чемпион болду