Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу: «Ынтымак» жана «Жаштык» командалары чемпион болду

20-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун финалдык оюндары өттү. Жогорку лигада Кыргызстандын «Ынтымак», ал эми клубдар лигасында «Жаштык» командалары чемпион болду.

Жогорку лигада ат салышкан Таластын «Ынтымак» тайпасы финалда Казакстандын «Астана» командасы менен кез келип, 10:1 эсебинде жеңди. Баш байгеге 2 миллион сом, ал эми экинчи орунга 1 миллион сом ыйгарылды.

Үчүнчү орунга Кыргызстандын «Достук» командасы татыды. Ал Казакстандын «Түркстан» командасын 11:3 менен жеңип, 800 миң сом сыйлык утту.

Ал эми клубдар лигасында баш байгени Кыргызстандын «Жаштык» командасы ээледи. Аталган тайпа Орусиянын Алтай республикасынан келген «Красноярск» командасын 10:7 эсебинде жеңди. Үчүнчү орунга Өзбекстандан келген тайпа татыды.

«Жаштыкка» 2 миллион, «Красноярскка» 1 миллион, ал эми «Өзбекстан» командасына 500 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. 

Дүйнө кубогунун алкагында 45 жашка чейинки көк бөрүчүлөрдүн мелдеши өтүп, Кыргызстан Казакстанды 4:0 эсебинде утту.

Аталган мелдешке алты өлкөнүн: АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Турнир 13-августта башталып, 20-августта жыйынтыкталды.

Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу быйыл биринчи жолу өткөрүлдү. Мелдешти эки жылда бир өткөрүү пландалууда.

Көк бөрү — кыргыз улуттук ат оюну. Эреже боюнча, оюнчулар улакты талашып, аны атаандаштарына тарттырып жибербей, каршы команданын тай казанына ташташы керек. 2017-жылы көк бөрү адамзаттын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Эл аралык көк бөрү бирикмесинин президенти болду