Бекешев: Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга берүү маселеси 2017-жылы эле чечилген

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга берүү маселеси 2017-жылы эле талкууланып, чечилгенин билдирди. Ал кезде, эл өкүлүнүн айтымында, өкмөт өзбек тарап Кыргызстанга каршы баштаган арбитраждык талаш-тартышты жөнгө салгысы келген.

17-августта «Эне-Сай» («Дилором»), «Бостери» («Золотые пески»), «Рохат» жана «Бустон» пансионаттары 49 жылга коңшу өлкөнүн башкаруусуна берилери маалым болгон. Пансионаттар совет мезгилинде Өзбекстандын ССРнин каражатына курулган жана 1992-жылдагы келишим боюнча Өзбекстанга таандык болгон.

Бирок 2016-жылы ошол кезде премьер-министр Темир Сариев башында турган өкмөт Өзбекстандын мамклекетти компанияларына караштуу болгон ошол пансионаттарды Кыргызстандын менчигине алган. Бирок Өзбекстан эл аралык арбитражга доо арыз берген.

«Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет 2017-жылдын 12-декабрында пансионаттарды өткөрүп берүү боюнча макулдашууну жабык режимде караган — дейт Бекешев. — Анда жыйынды Комитеттин төрагасы Нурлан Макеевдин ордуна мен алып баргам. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууну өкмөт тараптан ошол туштагы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев коргогон. Кароонун жыйынтыгында мен каршы добуш бергем, калгандары макулдашууну колдоп беришкен, анан мен ошол комитетте төрагалык кылгандыктан Комитеттин чечимине кол коюп бергем».

Бирок кийинчерээк, Бекешевдин айтымында, айрым талаштуу жагдайлар жаралгандыктан өкмөт макулдашуунун ратификациясын убактылуу токтоткон.

«Министрлер кабинети пансонаттарды быйыл 2023-жылы эч бир ачык конкурс өткөрбөстөн узак мөөнөттүү ижарага берүүнү чечкени аянычтуу — дейт эл өкүлү. Бул толук саясий чечим, анын экономикалык пайдасын издөө маанисиз. Пансионаттар Кыргызстанга өтө начар абалда берилгенин жана пансионаттарга инвестиция салуу боюнча мурдагы келишимдер аткарылбаганын эске салгым келет».

Президент пансионаттардын өзбек тарапка өтүшү тууралуу эмне деген?

Президент Садыр Жапаров 18-августта «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде Кыргызстан Вашингтондогу эл аралык сотто Өзбекстандан утулуп, 40 млн доллар төлөмөр болуп калганын билдирген.

Тема боюнча: Ысык-Көлдөгү пансионаттарды Өзбекстанга бербесек аларга 40 млн доллар төлөп калабыз — Жапаров

Бирок анын айтымында, бийлик өзбек тарап менен келишип, Өзбекстан пансионаттарды 49 жылга ижарага алып, 4-5 жылдыздуу мейманкалардын деңгээлине жеткирип модернизация кылып берери чечилген.

Президенттин айтымында, бул пансионаттарды азыркыдай акыбалы менен эч ким 4 млн долларга да сатып албайт. Ошондой эле Жапаров пансионаттар өзбек тарапка «короткон акчасын актап» алышына кепилдик болушу үчүн узак мөөнөткө берилерин түшүндүргөн.

Бийлик бул мамлекетке киреше алып келе турган пайдалуу келишим деп эсептейт. Алар өзбек инвесторлору ар бир пансионатка 15-20 млн доллар каражат жумшайт деп ишенишет. Мындан тышкары, бийлик бир нече заманбап пансионаттын пайда болушу аймактын экономикасына мультипликативдик натыйжа берет деп ишенет.

Бийликтин эсеби боюнча, салык жыйымдарынын көлөмү жылына 130 млн сомдон ашып, ар бир объектте 200дүн тегерегинде жумуш орду түзүлүп, ал эми жергиликтүү ишкерлерге пансионаттын аймагында бизнес ачууга мүмкүнчүлүк берилмекчи.