26-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыратуу тууралуу соттун чечимин карады.
Жыйынга катышкан БШКнын 12 мүчөсү тең Бакировду депутат кылып каттаган токтомду жана анын күбөлүгүн жокко чыгаруу чечимин бир добуштан колдоду.
Ал эми Бакировдун өкүлү Бакытбек Мажитов сот отурумунда депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болгон жагдайлар аныкталбаганын белгиледи.
«Мыйзамда депутаттык макамдан ажыратууга негиз болгон 11 берене бар. Сотто ал негиздер аныкталган жок. Мындан 20 ай мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу — бул элдин үнүн, 10 788 шайлоочунун тандоосун жокко чыгарууга барабар. Бул уникалдуу соттук тажрыйба болуп жатат. Биз жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра сотко кайрылганбыз, азырынча аны кабыл алып-албоо маселеси чечиле элек», — деди Мажитов.
Бакировдун мандат маселеси
Бишкектин административдик соту Оштун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын 7-июнда жокко чыгарган. Анда аталган округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. Кийин бул чечимди шаардык да, Жогорку сот да күчүндө калтырган.
Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатышканын айтып, аны мыйзамсыз деп атаган.
«Мыйзамга ылайык, шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, өтүнүчтөр үч күндүн ичинде каралышы керек. Алар бул норманы одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. Шайлоодон кийин бир жылдан соң сот талаш-тартыштарды кайра карап чыгууну чечкен. Алардын айтымында, бул "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жасалып жатат, бирок мыйзамдарда мындай түшүнүк жок. Бул парламентке болгон кысым», — деген ал.
Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки талаш-тартыштан кийин башталган.