Ташиев менен айтыша кеткен Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды

Депутат Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү бөлмөсүнөн чыгарылды. Ал буюмдары ташылып жатканда Жогорку Кеңештин имаратында жок болгонун 18-ноябрда «Азаттыкка» билдирди. Ага чейин ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен айтыша кеткен.

Бакиров ал бөлмөдө 6-чакырылыштан бери отурганын жана президенттин иш башкармалыгынын чечими түшүнүксүз болуп жатканын айтты.

«Мага түшкө чейин чалып айтышканда, дүйшөмбү күнү көчөм дегем. Бирок алар [президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери] жардамчыларым түштөнүүгө кеткен учурда өзүм билемдик менен кирип буюмдарды чыгарып коюшуптур», — деди ал.

Буга чейин соцтүйндө президенттин иш башкамалыгынын башчысынын орун басары Элмира Үсөнованын колу коюлган кат жарыяланган. Анда «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууну өтүнөм» деп жазылат.

Ал эми президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков иш күн эмес деп, Бакировдун бөлөмөдөн чыгарылганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Ташиев менен Бакировдун кайым айтышуусу

Ташиев Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен тартыша кеттип, аны трибунадан «энеңди сигейин» деп сөккөн.

Кайым айтышуу Бакиров суу кыргыз тарапка керек экенин айтып, Ташиевге «өзбек тарапка Кемпир-Абадга сол жээк каналды эмне үчүн курбай жатасыңар деп суроо салдыңарбы» деп кайрылгандан кийин башталган.

Анда Ташиев суу чынында керек экенин айтып, бирок бүгүнкү күндө каналдын курулушу «эки тарапка тең максатсыз болуп калды» деп жооп берген. Андан соң УКМКнын башчысы депутатка «сиз айткан сөздү аткара тургандай сиз ким экенсиз?! Жазып бериңиз!» деп эскерткен.

Отурумда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин тактоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюна макулдашуу каралып, үч окууда тең кабыл алынган.

Жыйын бүткөн соң Бакиров Ташиевдин парламент жыйынында сөгүнгөнү боюнча пикирин билдирип, «аял кишини, энени [кандай] сыйлаганын көрсөтүп койду» деп айткан.

Өмүрбек Бакиров деген ким?

Өмүрбек Бакиров Ош облусунун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар шайлоо окуругунан депутат болуп шайланган.

Бакиров Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында Иса Өмүркуловдун ордуна КСДП фракциясынын лидери болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында болгон.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, Бакиров уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Ошондой эле ал кримтөбөл Алмамбет Анапияевдин «өкүл баласы» экени айтылган — Анапияев 2015-жылы Белорустун Минск шаарында киши колдуу болуп каза тапкан.

Маалыматка ылайык, 2004-жылы Бакиров менен Анапияевге карата «Адам уурдоо», «Карактоо», «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Кийинчерээк сот аларды актаган.

Мындан сырткары, Бакиров 2010-жылы Убактылуу өкмөттү «күч менен кулатууга аракет кылган» деген айып тагылган. Ал эми Бакиров бул айыптоолорду четке кагып келет.

Тема боюнча:

«Энеңди сигейин». УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакировду сөктү