Жогорку сот Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Жогорку сот Өмүрбек Бакиров депутат болуп шайланган Ноокат районунун Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку соттун чечими Бакиров депутаттык мандаттан ажыратылат дегенди билдирет.

Бакиров өзү соттун чечимин «мыйзамсыз» деп атады.

«Бул баарына эле билинип турат, бул мыйзамсыз чечим. Жаңы ачылган жагдай деп жатышат. Шайлоо кодексинде [Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамда] “жаңы жагдай деген түшүнүк жок», — деди ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Бакировдун депутаттык мандаты

Бишкектин административдик соту Оштун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын 7-июнда жокко чыгарган. Анда аталган округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. 26-июлда шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатышканын айтып, аны мыйзамсыз деп атаган.

«Мыйзамга ылайык, шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, өтүнүчтөр үч күндүн ичинде каралышы керек. Алар бул норманы одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. Шайлоодон кийин бир жылдан соң сот талаш-тартыштарды кайра карап чыгууну чечкен. Алардын айтымында, бул "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жасалып жатат, бирок мыйзамдарда мындай түшүнүк жок. Бул парламентке болгон кысым», — деген ал 2022-жылдын декабрында.

Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки талаш-тартыштан кийин башталган.