Журналисттерди коргоо комитети: Бийлик «Клоопко» каршы арызын чакыртып алышы керек  

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өлкө бийлигинен прокуратуранын «Клоопту» жабуу талап кылынган доо арызын чакыртып алууну талап кылды. Бул тууралуу комитеттин 28-августта жарыяланган кайрылуусунда айтылат

CPJ’нин программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна «кыргыз бийлигинин “Клоопту” жабуу арызы — Кыргызстандагы эң курч журналисттик иликтөөнү, анын ичинде алдыңкы мамлекеттик чиновниктердин катышуусундагы коррупцияга байланышкан журналисттик иликтөөлөрдү муунтууга багытталган чектен ашкан жана өтө эле уятсыз аракети болуп саналат» деп эсептейт.

«Бийлик бул арызын тезинен чакыртып алып, көз карандысыз прессага басым кылуу кампаниясын токтотушу керек», — деп кошумчалады ал. 

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер CPJ’га курган маегинде, басылманы жабуу тууралуу арыз «Клооптун» иликтөөсүнө байланыштуу болушу ыктымал деп билдирген. Иликтөөдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары өлкөдө Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун академиясынын курулушуна катышып жатат деп айтылган.

Комитеттегилер президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге жана УКМКга жолдонгон электрондук каттары да жоопсуз калганын кошумчалашты,

«CPJ’нин Бишкек шаардык прокуратурасына жазган электрондук каты, почта кутусу толуп калгандыктан артка кайтып келди», — деп билдиришти уюмдан.

Прокуратуранын арызы

Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арыз берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн. 

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү тап-такыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Прокуратуранын доо арызын толугу менен бул жерден окуса болот

«Клооптун» кызыкчылыгын коргогон юрист Фатима Якупбаева Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп Медианы» жоюу боюнча арызына комментарий берип, ридикалык жакты жоюу талаптары белгиленген тартип менен мыйзам бузган деп негизделиши керектигин айткан. Бирок, Якупбаева, «кайсы бир материал мыйзамды же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын бузду деп тааныган соттун чечими жоктугуна» көңүл бурган.  

Юрист ЖМКнын каттоосу интернеттеги басылмалар үчүн милдеттүү болуп эсептелбесин дагы белгилеп, «Клооптун» уставы толугу менен мыйзамга дал келерин кошумчалаган.

Якупбаеванын айтымында, көзөмөл органынын арызында, мисалга,  «материалдарда улуттук кастыкка алып келе турган, орус улутундагыларга карата кастыкты козутуучу, басынтуучу мүнөздөгү сөздөр бар» делген оорчундуу билдирүүлөр да бар.  

Ошол эле кезде тек кайсыл материалдарда ошондой сөздөр бар экени, кайсыл материалдар экспертизага берилгени доо арызда көрсөтүлгөн эмес. Якупбаева прокуратура «“Клоопту” [манипулияцияга] айыптап, ошол эле кезде өзү да [кайсыл материалдар экенин айтпай] маалыматты манипуляциялап жатат» деп эсептейт.