HRW: Кыргыз бийлиги «Клоопко» каршы арызын кайтарып алышы керек 

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клоопту» жабууну талап кылган арызы боюнча басылманы колдогон билдирүүсүн таратты.   

HRW’нын Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиеванын айтымында, «Клоопко» каршы доо арыз Кыргызстандагы ЖМК эркиндигине жана сөз эркиндигине каршы соңку кол салуу болуп эсептелет, анын баары өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары макамына туура келбейт. 

Султаналиева «Кыргызстандын бийлиги арызды токтоосуз түрдө кайтарып алып, өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКны кугунттуктоону токтотушу керектигин» билдирди.

Мындын сырткары, HRW Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө, анын ичинде Европа биримдигине, Улуу Британияга, АКШга жана ЕККУга кайрылып, кыргыз өкмөтүн арыздан баш тартууга үндөөнү жана сөз эркиндиги боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга чакырды. 

«Кыргызстандын бийлиги “Клоопко” каршы доо арызын кайтарып алып, журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн жазалоого багытталган бардык аракеттерин токтотушу керек. Көз карандысыз ЖМКны сактоо демократиянын иштеши үчүн негизги мааниге ээ жана сынчыл үндөрдү басууга багыттылган аракетердин бардыгы Кыргызстан колдоого умтулган демократиялык баалуулуктарга кедергисин тийгизет», — деп кошумчалады HRW’нын изилдөөчүсү. 

HRW’дан тышкары Кыргызстандын медиакоомчулугу, «Реформа» саясий партиясы жана Журналистерди коргоо комитети (CPJ) да «Клоопту» колдогон билдирүүлөрүн таратышты. Баары тең ЖМКга асылууну токтотуп, прокуратуранын «Клоопту» жабууну талап кылган арызынан баш тартууга чакырышкан.

Ал эми «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер CPJ’га курган маегинде, басылманы жабуу тууралуу арыз «Клооптун» иликтөөсүнө байланыштуу болушу ыктымал деп билдирген. Иликтөөдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары өлкөдө Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун академиясынын курулушуна катышып жатат деп айтылган.

«Клоопко» каршы доо арыз

Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат. 

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн. 

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.