«Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери битумду эки эсе кымбат баада сатып алып, казынага 29 млн сомдон ашык зыян келтирди

«Бишкекасфальсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери битум сатып алууда мамлекетке чоң суммадагы зыян келтиргендиги аныкталды. Бул тууралуу 1-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери 2023-жылдын башында битум менен камсыз кылуучу «С» компаниясы менен келишим түзүп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, битумду эки эсе жогорулатылган баада сатып алышкан. Жыйынтыгында мамлекетке 29 млн сомдон ашык суммада зыян келтирилген. 

Битум менен камсыз кылуучу «С» ишканасы коммерциялык сунуштарынын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку баа — 1 тоннасына 47 миң сом деп койгон. Ал эми ошондой эле сорттогу битумдун базардагы орточо баасы 1 тоннасына 25 миң сомго жакын сумманы түзөт.  

Келишим түзүлгөндөн тарта, аталган ишкана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына  47 млн сомго 1000 тонна битум жеткиргени кабарланат.   

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына кылмыш иши козголгондон кийин «С» компаниясы битумдун калган көлөмүн берүүдөн баш тартканы айтылууда.   

Аталган фактыга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 30-августта мыйзамга ылайык «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары жана башкы инженери кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 

Буга чейин, мартта «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасын президенттин кудасы делген Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин кудасы «Бишкекасфальтсервисти» жетектеп жатат — анын дайындалганы ачык айтылган эмес

«Тазалык» ишканасы атайын техниканы сатып алууда мамлекетке 8 млн сомдон ашык суммада зыян келтирген