«Тазалык» ишканасы атайын техниканы сатып алууда мамлекетке 8 млн сомдон ашык суммада зыян келтирген

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы мамлекетке 8 миллион сомдон ашык суммада материалдык зыян келтирген. Бул тууралуу 20-июлда Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.

Тергөө учурунда «Тазалык» 2022-жылдын сентябрында 5 даана атайын техниканы сатып алууда мыйзамсыз келишим түзгөндүгү аныкталган.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, ишкананын тендердик комиссиясы сатып алына турган техниканын орточо бааларын «изилдебестен жана реалдуу бааны аныктабастан», «Г» ЖЧКсы менен 23 млн 309 миң сомго сатып алууга келишим түзүүнү чечкен.

Кийин аталган компания келишим түзүүдөн баш тартканына байланыштуу «Тазалык» ишканасы 466 миң сомдук сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып бергени айтылат.

«Ал эми, 2022-жылдын 5-октябрында “Тазалыктын” мурдагы директору Нурлан Касымов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, атайын техникаларды “K” ЖЧКсынан 4 млн 573 миң сомго жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алган. Ошондой эле, коомдон келишимде каралган алып келүү мөөнөтүн бузгандыгы боюнча 3 млн 10 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлбөгөн», — деп берилген билдирүүдө.

Натыйжада, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 млн 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Шаардык прокуратура ишкананын мурунку жетекчисине кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Билип туруп пайдасыз келишим түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

«Тазалыктын» азыркы жетекчиси Рамиз Алиев 2023-жылдын январь айында ишканага жетекчи болуп дайындалган.

Буга чейин, Рамиз Алиев жараксыз техникалар сакталган жайды көрсөтүп, колдонулбай жаткан техникаларды металлоломго өткөрүп, түшкөн акчага жаңы 1-2 унаа алса болорун билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:
«Тазалыктын» жетекчиси рейд уюштуруп, БВР калаадагы таштандыларды чыгарбай жатканын айтты

Тургун «Тазалыкка» таштанды көйгөйүн чечүүчү сервис белекке берүү ниетин билдирди