Президенттин кудасы «Бишкекасфальтсервисти» жетектеп жатат — анын дайындалганы ачык айтылган эмес

Президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасын жетектеп жатат. Буга биринчилерден болуп соцтүйүндөрдүн колдонуучулары менен Temirov Live редакциясынын журналисттери көңүл буруп, калаа мэриясынын сайтынан буга байланыштуу тийиштүү маалыматты аныкташкан.

Бишкек мэриясынын сайтынан скриншот.

Kaktus.media басылмасы муниципалитеттин басма сөз кызматы Түмөнбаевдин кызматка дайындалганы тууралуу маалымат таратпаганын, адатта мындай дайындоолор тууралуу дайыма маалымат берип келгенин жазды.

«Бишкек мэриясындагы өздүк булак Kaktus.media сайтына билдиргендей, президенттин кудасы акыркы үч-төрт айдан бери ишкананын директору болуп иштеп келет. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. Бул маалымат эмне үчүн жарыяланбаганы боюнча комментарий берген жок», — деп жазды басылма.

Акыркы жолу Түмөнбаев расмий «Унаа» мамишканасында иштеген. Ал жерде президенттин кудасы директор болуп иштеген. Ал бул кызматка 2020-жылдын 21-октябрында, Жапаров президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп бийликке келгенден кийин дайындалган.

Temirov LIVE Ютуб каналынын иликтөөчү журналисттери 2021-жылдын 11-сентябрында «Унаадагы» тендердик махинациялар тууралуу материалын жарыялашкан. Алардын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 21-июлунда мамлекеттик ишкана техпаспорт жана айдоочулук күбөлүктөрдүн эл аралык үлгүдөгү бланктарын сатып алуу үчүн жарым миллиард сомго тендер өткөргөн. Тендерди «Госзнак» ишканасы жеңген, ал эми журналисттер бул фирманын Түмөнбаевдин кызы менен байланышын аныкташкан.

Иликтөө чыккан күндүн эртеси «Унаа» тарабынан өткөрүлгөн тендер жокко чыгарылып, президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгү текшериле баштаган.

2021-жылдын 13-сентябрында ошол учурдагы өкмөт башчысы Улукбек Марипов Турусбек Түмөнбаевди «Унаа» директорлугунан бошоткон.