Өлкөдөгү мектептерде Орусиядан келген 120 мугалим сабак бере баштады

1-сентябрдан тарта Кыргызстандагы 51 мектепте Орусиядан келген 120 мугалим иштей баштады. Бул тууралуу Орусиянын Агартуу министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, окутуучулар «Чет өлкөдөгү орусиялык мугалим» жана «Акыл күчү» долбоорлорунун алкагында иштей баштады. Анын негизги максаты — башка өлкөлөрдө физика-математикалык билим берүүнү жайылтуу.

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинен «Клоопко» бул боюнча тактап жатышканын айтып, кийин маалымат берүүнү убадалашты.

Буга чейин Кыргызстанда Орусия каржылайт деген тогуз мектептин үчөөнүн курулушу башталган. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин видео байланыш аркылуу катышкан.

Тил маселесине кийлигишкен орус аткаминерлери

Орус армиясы Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан тартып постсоветтик өлкөлөдө деколонизация маселеси көтөрүлө баштады. Алматыда өткөн Борбор Азиядагы деколонизацияга арналган конференцияда улуттук тилдер, адабият жана музыка тууралуу сөз болгон.

Улуттук тил маселесин буга дейре кыргыз бийлиги да көтөрүп чыккан. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев борбор калаадагы райондордун аталышы кызгызчага өзгөртүүнү сунуштаган. Кийин мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган.

Эки окуяны тең орус аткаминерлери катуу сынга алган. Мамлекеттик думанын өкүлү Светлана Журова райондордун аталышын өзгөртүү өлкөдөгү «орустардын укугун бузат» деп билдирген.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды «анчейин демократиялуу эмес» деп атаган.

Лавровго президент Садыр Жапаров өзү жооп берип, жаңы «мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок, ал расмий статусун сактап калган» деп айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусия каржылаган үч мектептин курулушу башталды — ага Жапаров менен Путин онлайн катышты

«Анчейин демократиялуу кадам эмес» — Лавров Кыргызстандын мамтил жөнүндө мыйзамы тууралуу