«Анчейин демократиялуу кадам эмес» — Лавров Кыргызстандын мамтил жөнүндө мыйзамы тууралуу

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекттик тил жөнүңдө күчүнө кирген жаңы мыйзамга байланыштуу комментарий берди. Анын пикиринде, бул мыйзам «анчейин демократиялуу» эмес.

Лавров «КМШда таатаал процесстер жүрүп», «Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөмөлөп жатышат» деп эсептейт.

«Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай», — деди Орусия ТИМнин башчысы.

Ал ошондой эле «орус тили жалпысынан басмырлоого кабылып жатканын» белгиледи.

«Орус тили жалпысынан Украинадагыдай, Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй басмырлоого кабылып жатат. Ар кайсы улуттун, маданияттын, диндин өкүлдөрүнүн улуттук өнүгүүсүнө шарт түзүп, ошол эле учурда жалпы бириктирүүчү фактор катары бааланган орус тилин кошо өнүктүрүү — мезгил талабы», — деди Лавров.

Орусия тарап Кыргызстанда мамтил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу буга чейин да комментарий берип келген. Июндун башында бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганда Орусия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова бул мыйзам «азыркы абалында республикадагы кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн» деп билдирген. Ал Москва Кыргызстанда тең салмактуу тил саясатынын жүргүзүлүшүнө ишегиси келет деп айткан.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам

17-июлда Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга кол койгон. Мыйзам министрликтерди, мекемелерди, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жана менчик формасына карабастан бардык уюмдарды кыргыз тилин жумушчу тил кылып колдонууга милдеттендирет.

Ошондой эле мамлекеттик тил географиялык аталыштарда, билим берүү жана илим тармагында, ошондой эле эл аралык келишимдерди түзүүдө милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.

Негизги өзгөрүүлөрдүн дагы бири — мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.

Андан тышкары, жаңы мыйзамга ылайык, телерадиокомпаниялар, анын ичинде жеке менчик телекомпаниялар программа жана телеберүүлөрүнүн 60%дан кем эмес бөлүгүн мамлекеттик тилде алып барышы керек.

Ошол эле учурда орус тилинин расмий макамы сакталды.