Орусия каржылаган үч мектептин курулушу башталды — ага Жапаров менен Путин онлайн катышты

Кыргызстанда орус тилдүү үч мектептин курулушу башталды. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин видео байланыш аркылуу катышты.

2025-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилери күтүлүп жаткан үч мектеп Бишкек, Баткен жана Караколдо курулат. Мектептерде окуу орус тилинде жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөргө эки өлкөнүн аттестаты берилет.

«Ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына Владимир Путиндин жеке колдоосу менен 1224 орундуу тогуз заманбап мектеп куруларын кубануу менен белгилейм. Имараттар жогорку технологиялык жана заманбап жабдуулар, бассейн, спорттук эс алуу жайлары менен камсыздалат», — деди Жапаров.

Өлкө башчысы «кыргыз-орус мектептерин түзүү эки өлкөнүн жарандарынын жаркын келечеги үчүн узак мөөнөттүү чоң жаратман иштердин башталышы болот» деген ниетте.

«Мектеп бардык коопсуздук стандарттарына ылайык, анын ичинде өлкөнүн өзгөчөлүгүн жана сейсмикалык тобокелдиктерди эске алуу менен долбоорлонгон. Сабактарды Орусиянын жогорку окуу жайларында атайын окуудан өткөн эки өлкөнүн мугалимдери берет», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Маалыматта Жапаров менен Путин «Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу өсүп жатканын белгилешкени» айтылат.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда окуучуларга мекетептер жетишпейт. Борбор калаадагы көпчүлүк мектептерде бир класста 40тан бала окуйт. Ал эми айылдарда болсо мектеп имараттары авариялык абалда.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда. 126 мектепте окуучулар үч смен менен окушат, ал эми жаш балдардын 22% гана бала бакчага барат.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, билим берүү министрлиги мектептерди оңдоп-түзөөгө жылына бюджеттен 100 млн сом бөлөт, бирок бул каражат чыгымдын 24%ын гана жабууга жетет.

Билим берүү министринин маалыматына ылайык, чыгымдын калган 76%ы жергиликтүү бийликтин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жабылат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто Орусиянын каржылоосу менен билим берүү комплекси курулат

Билим берүү министрлиги: Орусиянын эсебинен Кыргызстанга 9 мектеп курулат