Телеграмда «педофилдерди жазалаган» топ пайда болду, ИИМ реакция кылбай жатат

Соцтармакта өздөрүн «Педофилияга каршы жаштардын тобу» деп атаган белгисиз кишилердин телеграм-каналы бар. Алар «жашы жете элек өспүрүмдөргө сексуалдык ыдык көрсөттү» делген адамдарды кармап, уруп-сабап, андан соң видеого тартып интернетке жүктөшөт. 

Ички иштер министрлиги «Клоопко» окуя боюнча териштирүү иштерин баштоону 17-июлда эле убадалаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жок. 

Юрист Бексултан Осмонов өз билемдик менен жазалоо мыйзамга карама-каршы келерин айтты.

Эмне болду? 

Телеграмдагы каналдардын биринде өздөрүн «Педофилияга каршы жаштардын тобу» деп атаган белгисиз топ жашы жете элек өспүрүмдөргө «сексуалдык ыдык көрсөттү» делген жарандарды өз алдынча жазалап, ур-токмокко алып кечирим сураткан видео тасмаларды байма-бай жүктөп келет. 

Үстүбүздөгү жылы 19-июнда жарыяланган видеодо өздүгү белгисиз тургун «Бека» аттуу кишини адегенде эмне себептен келгенин сурап, бетке чаап, андан соң опузалап коркутканын көрүүгө болот. 

Видеодон скриншот

Ал эми 12-июлда жарыяланган видео тасмада топтун мүчөлөрү экени айтылган жарандар көчөдө буттары тушалып, жылаңаяк отурган жарандын башына «зелёнка» чачышканын көрүүгө болот. 

Видеодон скриншот

Ошондой эле тайпанын администратору 3000ге жакын катталуучуга кайрылып, «акча которуу» үчүн банктык эсебинин номерин бөлүшкөн. Андан сырткары алар тайпага «аңчылар» алынат деп жарыя калтырышкан. 

«Клооп» бул окуяны текшерүүнү суранып ИИМге 17-июлда кайрылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай реакция болбой келет.

4-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Тилек Оторов «Клоопко» бул иш боюнча маалымат тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөнүн кайрадан маалымдады.

Өз алдынча жазалоо эмне үчүн туура эмес?

Юрист Бексултан Осмонов «Клоопко» «өз алдынча жазалоо» ыкмасы мыйзамсыз экенин билдирди. Анын айтымында, кайсыл бир топтор, уюмдар жана адамдардын кылмышкерлерди жазалаганга же соттун ролун ойноп өзүнүн чечимин чыгарууга укугу жок. 

«Мыйзамга ылайык, кылмыштын оор же жеңилдигине карабастан жарандардын милдети кылмыш тууралуу укук коргоо органдарына кабарлоо же арыздануу. Же болбосо, ошол кылмышты көргөн болсо, колунан келе турган болсо жардам көрсөтүү. Болду. Жаранды, кылмышкерди күнөөлүү же болбосо күнөөсүз деп, жана андан тышкары жазалаганга бир гана мамлекеттин укугу бар. Мындайча айтканда, монополия бир гана мамлекетте», — деди Осмонов.

Аны менен катар укук коргоочу өз алдынча жазалоо ыкмасы мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч алып келиши ыктымал экенин эскертти.

«Ошол эле уюмдар, топтор туура эмес кылып, күнөөсүз адамдарды дагы жазалай башташы мүмкүн. Андан тышкары “Вагнер”* сыяктуу уюмдар, топтор чогулуп алып, эртең мамлекетке каршы чыгышы мүмкүн. Ошондуктан мындай уюмдар жана топтор мыйзамсыз болуп эсептелет», — деп билдирди юрист.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас: Мал базарда эл уурулукка шектелген кишини мамыга байлап коюшкан — милиция териштирет

Талас: Мамыга таңылган киши менен кошо дагы бир адам уурулукка шектелип кармалды