Талас: Мамыга таңылган киши менен кошо дагы бир адам уурулукка шектелип кармалды

Талас районундагы мал базарда уурулукка шектелип, тургундар тарабынан мамыга таңылган киши менен кошо дагы бир адам кармалды. Маалыматты «Клоопко» 10-майда облустук милициядан тастыкташты.

Бул боюнча «Уурулук» беренеси менен кылмыш иш козголуп, шектүүлөр соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Ал эми тургундар тарабынан мамыга таңылган шектүү эч кимге доосу жок экенин билдирди.

«Мамыга байланган шектүүгө медициналык жардам көрсөтүү максатында ​ аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегени аныкталды. Шектүү эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан», — деп билдирди Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева.

Окуя 30-апрелде болгон. Соцтүйүндөгү видеодон мал базардагы эл «акча уурдады» делген кишини мамыга байлап коюшканын көрүүгө болот.

Милицияга эки киши арыз жазган, алардын бири 60 миң сомун, экинчиси 6000 сомун уурдатканын айткан.

Ал эми шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылынын 34 жаштагы тургуну экени аныкталган. Текшерүү учурунда анын жанынан 35 200 сом табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Талас: Мал базарда эл уурулукка шектелген кишини мамыга байлап коюшкан — милиция териштирет