Талас: Мал базарда эл уурулукка шектелген кишини мамыга байлап коюшкан — милиция териштирет

Социалдык тармакта Талас районундагы мал базарда тургундар уурулукка шектелген кишини кармап, мамыга байлап койгон видео тарады. Окуяны милиция териштире баштады.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде райондук мал базардагы эл 25-30 жаштагы азиат улутундагы белгисиз кишини акча уурдады деп шектеп кармап, мамыга байлап коюшкан.

Териштирүү учурунда Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын ​47 жаштагы тургуну 60 000 сомун, Чолпонбай айылынын 24 жаштагы тургуну 6000 сомун уурдатканын айтышкан.

Мамыга байланган киши райондук милицияга алып келинип, Ысык-Көлдөгү Григорьевка айылынын 34 жаштагы тургуну экени аныкталды. Текшерүү учурунда шектүүнүн жанынан 35 200 сом табылды.

«​Шектүү аймактык ооруканага алып барылып, саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегени аныкталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп белгилешти милициядан.