Жалал-Абад: Ташиев УКМКнын кызматкерлерине курулган жаңы спорткомплексин ачты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери үчүн курулган жаңы спорткомплекстин ачылышына катышты. Бул тууралуу 9-сентябрда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы спорткомплексте бардык шарттар бар — имарат заманбап жабдыктары менен камсыздалган. Анын чылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын өздүк курамы жана ардагерлери катышты.

«Камчыбек Ташиев УКМКнын кызматкерлери ар дайым ыкчам даярдыкта болушу керектигин, ден соолукту чыңдоо жана спорт менен машыгуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн күнүмдүк зарыл талап экенин эскертти», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Буга чейин, 2-сентябрда Ташиев УКМКнын Чоң-Алай районундагы жаңы имаратын ачкан. Анда ал атайын кызматтын Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы имараттары толугу менен жаңыланып бүткөнүн билдирген.

Ташиев өлкөнүн бардык аймагындагы УКМКнын имараттарын жаңылоо иши кызуу жүрүп жатканын айтып, жакында Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүйдөгү курулуш иштери аягына чыгарын белгилеген.

УКМКнын жаңы имараттары

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыкталбайт.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын аныкташкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: УКМКнын Ош, Жалал-Абад жана Талас облусундагы бардык имараты жаңыланып бүттү