Ташиев: УКМКнын Ош, Жалал-Абад жана Талас облусундагы бардык имараты жаңыланып бүттү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу 2-сентябрда Ош облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери катышкан.

«Камчыбек Ташиев өлкөнүн бардык аймагындагы УКМКнын имараттарын жаңылоо иши кызуу жүрүп жатканын, атайын кызматтын Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы бардык имараты толугу менен жаңыланып бүткөнүн билдирди. Жакында Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүйдөгү курулуш иштери да аягына чыгарын белгиледи» — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ташиев коопсуздук кызматынын имараттарын жаңылоо президент Садыр Жапаров койгон тапшырманын алкагында ишке ашырлып жатканын кошумчалады.

Облустук администрациядан имаратты курууга мамлекеттик бюджеттен акча коротулбаганын белгилешти. Бирок кайсы каражатка курулганын ачыкташкан жок.

УКМКнын жаңы имараттары

2021-жылдан тарта өлкөдө укук коргоо органдарынын, айрыкча, УКМКнын административдик имараттары байма-бай жаңыланып, анын ачылыш аземдери салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет. Бирок каржы булагы кайдан экени ачыкталбайт.

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө УКМКнын 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Өткөн жылы «Апрель» телеканалынын журналисттери иликтөө жарыялап, анда «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак-жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын аныкташкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жети-Өгүз: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Жапаров менен Ташиев УКМКнын Оштогу жаңы имаратын ачты