Иллюстрация: Джеймс О'Брайен

Кыргызстандык мурдагы аткаминер Райымбек Матраимов өзү миллиондорду табууга көмөктөшкөн магнат Хабибулла Абдукадыр менен эч кандай байланышым жок деп келген. Чынында, эл арасында экөө аткезчиликтен пайдага туйтунганы айтылып жүрөт. Ал эми 2021-жылы Матраимовдун уулу Абдукадырдын кызына үйлөнүп, эки үй-бүлө куда-сөөк болуп калышты.

«Дүркүрөгөн кол чабуулар менен келинибиз Аланурду тосуп алалы!» — дейт тамада, жогору жактан чыга келген ак көйнөкчөн кызды карап.

Экранда кыздын аты жанып, эки агасынын коштоосунда залдын ортосуна жаңы келин чыгып келет. 

Көп өтпөй, салтанаттын жүрүшүндө салттуу баш кийим кийген кыз күңүрт түстүү костюмчан жаш жигитке басып келет. Коноктор жубайларды телефонго тартып калууга жүткүнөт, ал эми кыз-күйөө сахнага чыгат. Ошол учурда баланын энеси келинге улуттук стилдеги кызыл кемсел кийгизет. 

2021-жылы июнда коноктордун бири ошол дүркүрөгөн үлпөт тойдо тартылган сүрөттөрдү инстаграмга чыгарган.

Бирок Аланур жана күйөөсү Бакай жөнөкөй түгөйлөрдөн эмес.

Кыздын атасы — магнат Хабибулла Абдукадыр. Ага узак жылдар бою Кыргызстандын жемкор чиновниктери менен кутум келишим түзүп, көмүскө соода монополиясын түзгөн деген айып коюлуп келет: Борбор Азияга эбегейсиз көлөмдө кытай товарларын ушул киши ташыган болушу ыктымал. 

Жигиттин атасы — бир кезде Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон экс-чиновник Райымбек Матраимов. Матраимов Абдукадырдын өнөктөшү, анын соода схемасынын негизги калкалоочусу болгон. Бирок кылмыштуу аракетинин бети ачылганда коррупция кылганын мойнуна алып, АКШнын санкциялык тизмелерине кирген.

Уулкан Тургунова (Бакайдын энеси) Хабибула Абдукадырдын кызы Аланурга улуттук стилдеги кызыл кемсел жаап жатат. Сүрөт: Instagram

Экөөнүн бири-бирине ич ара пайда алып келген байланышы тууралуу көптөгөн журналисттик иликтөөлөргө карабай, Матраимов Абдукадырдын үй-бүлөсү менен катышы бар экенин мойнуна албай келген.  

Бирок жакында эле журналисттердин колуна тийген кадрларда, азыр бул экөөнү финансы гана эмес туугандык дагы бириктирип калганы белгилүү болду. Соцтармактарга тараган видео тасмаларда, тойдо Хабибула Абдукадыр өзү, Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова, бир тууган агасы — парламент депутаты Искендер Матраимов да жүргөнүн көрүүгө болот. Абдукадыр жана Матраимовдор үй-бүлөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бирге түшкөн сүрөттөрү буга чейин эч жакка жарыяланган эмес болчу.

Аланур менен Бакай, эки жаштын жакындары үлпөт тойдо. Сүрөт: Instagram

Дүркүрөгөн үйлөнүү той өткөн, той ээлери канчалык таасирдүү адамдар экени дароо байкалат. Борбор Азиянын мен-мен деген ырчылары, музыкалык топтору коноктордун көңүлүн ачкан. Алардын арасында ошол кездеги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы бар болчу. Ал совет доорунда атагы таш жарган «Ялла» тобу менен бирге ырдаган. 

Үлпөт той өтөт деген имиштерди кыргызстандык басылмалар бир нече ай мурда эле жаза башташкан. Жылдын аягында болсо жергиликтүү ЖМКда жаңы маалыматтар пайда болгон. Искендер Матраимов инисинин үлпөт тою болгонун тастыктоого аргасыз болгон. Бирок ал келиндин аты-жөнүн ачык айтпай, «жөнөкөй үй-бүлөнүн» кызы деп билдирген. 

Комментарий алуу үчүн Бакай Матраимов жана Аланур Хабибулла менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Райымбек Матраимов менен Хабибула Абдукадыр комментарий берүү өтүнүчүнө жооп беришкен жок.

2019-жылы «Клооп», OCCRP жана «Азаттык Радиосу» Хабибула Абдукадырдын Матраимов менен байланышын тап чыгышкан. Сыйлыктарга татыган иликтөөлөрдүн сериясы «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деп аталат. 

Журналисттер Матраимов бажыдагы кызмат абалын пайдаланып Абдукадырга Кытайдан Борбор Азияга чыккан маанилүү соода жолунда кирешелүү монополияны жолго коюуга көмөк көрсөткөнүн аныкташкан. Акысына «чотур» алып турган болушу мүмкүн. Иликтөөгө Абдукадырга жүздөгөн миллион долларлардын изин жашыруу жана түшкөн кирешени батыштагы банк эсептерине чыгарып туруу үчүн жалданып иштеген адамдын берген маалыматтары өзөк болуп берген.

Репортёрлор эки үй-бүлөнүн кызматтык байланыштарын дагы аныкташкан: Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Дубайдан жер тилкесин алган. Тургунова Хабибула Абдукадырдын инилеринин бири Хадир Маймаитили менен биргеликте ал жерге турак жай курган. Olive Residence деп аталган көп батирлүү комплекс 2021-жылы курулуп бүткөн. 2023-жылдын май айына карата, турак үй Абдукадыр үй-бүлөсүнүн өнөктөшүнө таандык болуп турган.

Дубайдагы бул беш кабаттуу үй Абдукадыр жана Матраимовдун үй-бүлөсүн байланыштырып турат. Сүрөт: OCCRP

Абдукадырдын үй-бүлөсү журналисттердин билдирүүлөрүнө так жооп айткан эмес. Андан бери Матраимов деле бажы кызматынан кетти. Ал эч кандай мыйзам бузган эмесмин деп кайталап, алтургай журналисттерди каралады деп сотко берген. Кийин журналисттердин үстүнөн жазган доо арызын чакыртып алган. 

2020-жылы Матраимовдордун байманалуу жашоосу, бажы органдары менен байланышы жана саясий таасири тууралуу жаңы иликтөө жарыялаган. 

Кыргызстанда иликтөө чыккандан кийин бир нече митинг өткөн. Ал эми 2020-жылдын октябрында Матраимов колдогон саясий партия парламенттик шайлоодо экинчи орунга чыккан. Өлкөдө массалык нааразылыктар башталып, натыйжада добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгып, бийлик башына жаңы өкмөт келген.

Бир нече ай өткөндөн кийин Матраимов коррупцияга аралашканын жана Кытайдан Борбордук Азияга каттаган жүк ташуучу унааларды «бажы көзөмөлүнөн өткөрүүнү тездетип бергени үчүн сыйакы» алганын мойнуна алган. Бажы кызматынын мурдагы кызмат адамы камалган эмес, бирок казынага келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 24 миллион доллар жана 3000 доллар айып пул төлөгөн. 

Матраимовго чыккан өкүмдө схеманын бенефициары Абдукадыр болгону айтылган эмес. Бирок андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, мисалы, бажы пункту менен убакыт аралыгы, магнаттын ролу тууралуу буга чейинки иликтөөнүн маалыматтары менен дал келет.

Матраимовдор менен Абдукадырлардын ишкердик алакасы уланып жатат.

Тургунова Дубайдагы Olive Residence комплексинин бет маңдайынан үч миллион доллар турган дагы бир жер участогун сатып алды. Хабибула Абдукадыр иниси Алимбек Палван менен ал жерде 29 кабаттуу асман тиреген имарат куруп жатат.

Бул долбоор 2023-жылы апрелде, Абдукадыр үй-бүлөсү тууралуу акыркы ири иликтөөнүн алкагында, дагы башка көптөгөн долбоорлор менен бирге аныкталган. «Абдукадыр: Борбор Азиядагы көмүскө инвестор» деп аталган долбоор Абдукадыр менен анын үй-бүлөсүнүн ири активдери менен инвестицияларына арналган. 

Материалды даярдоого «Клооп» жана Temirov Live катышты.

Авторлору: Элдияр Арыкбаев, Келли Блосс