Хабибулла Aбдыкадыр Борбор Азияда бажыдагы коррупциялашкан аткаминерлер менен келишип алып соода империясын түптөп, андан тапкан миллиондогон кирешесин чет өлкөгө чыгарып кеткен деп айыпталган. Бирок мыйзам алдында жооп берүү ордуна анын жана үй-бүлөсүнүн таасири күчөп, дүйнөнүн ар кайсы жерине ондогон ири долбоорго инвестиция салган.

Бир нече жыл бою корруциялашкан бажычылар менен жең ичинен сүйлөшүп алган көмүскөдөгү магнат Борбор Азияга футболкадан тарта заманбап электроникага чейинки кытай товарын импорттоодо үстөмдүк кылган.

Ал сансыз байлык топтоп, теңдешсиз күчкө ээ байланыштарды түзгөн. Абдукадырга акча адалдоого жалданган адис жүз миллиондогон долларды үй-бүлө үчүн чыгарып кеткенин мойнуна алган. 2019-жылы “Азаттык”, OCCRP, “Клооп” бул схеманын бетин ачкандан кийин аларды калкалаган жогорку кызматтагы аткаминер жемкорлукка батканын мойнуна алып, санкциялык тизмеге илинген.

Мындан кийин өлкө бийлиги аларга кандайдыр бир чара көргөндүр деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз.

Бүгүн Хабибулла Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү көмүскөдөгү байлыгын глобалдык империяга айланткан. Адалданган акчаны чыгаруу үчүн колдонулган компаниялар эми көз жоосун алган турак жай жана офис комплекстерин, мечиттерди, базарларды, заводдорду курууга ири инвестицияларды салууда.

Бул иликтөө кубаттуу аткезчилик империясын курууга айыпталган киши кантип бир туугандары менен таасирдүү ишкерге айланып, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бийлик башчылары алардын акчасын кулач жая тосуп алганын көрсөтөт.

“Борбор Азиядагы көмүскө инвестор” деп аталган журналисттик иликтөө - OCCRP, “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” “Озодлик” радиосу (Өзбекстан), “Власть” (Казакстан), “Клооп” (Кыргызстан) медиа уюмдарынын биргелешкен долбоору.

Редакторлор: Миранда Патручич, Илья Лозовский, Карл Шрек, Жулия Уоллес, Дрю Салливан

Текстти жазгандар: Илья Лозовский, Карл Шрек, Миранда Патручич

Координация: Элдияр Арыкбаев

Кабарчылар: Keлли Блосс, Maртин Янг жана Өзбекстандан, Казакстандан, Кыргызстандан ондогон кабарчылар бул иликтөөлөрдүн үстүнөн иштеди. Алардын көбүнүн аты-жөнү коопсуздук чараларынын улам ачык берилбейт.

Фактчекинг: Олена ЛаФой, Дима Стоянов, Сержиу Ипати

Котормочулар: Илья Донских, Алена Королева

Дизайн жана графика: Жеймс O'Брайен, Эдин Пашович

Жарнамалоо: Чарльз Тернер, Мария Семендяева, Сэм Брук