Иллюстрация: Жеймс О'Брайен / OCCRP

Бишкектин борборундагы көп функционалдуу комплекс жана мечиттин курулушунун салтанаттуу ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров катышып сөз сүйлөдү. Бул долбоорлорду контрабанда менен алектенген деп шектелген бир магнат ишке ашырууда. Мындан сырткары, бул долбоорлорго президенттин туугандарынын тиешеси да бар.

Иликтөөнүн өзөгү:

  • Азыркы күндө Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эң ири эки курулуш долбоору — «Ыйман борбору» мечити жана «Бишкек Сити Борбору».
  • Эки долбоордун тең инвестору Борбордук Азия чөлкөмүндөгү соодагер монополист Хабибула Абдукадыр. Мурдагы иликтөөлөргө негиз болгон документтерге таянсак бул адам контрабанда менен алектенип, коррупцияга колу баткан чиновниктер менен байланыштары бар.
  • Эки долбоор боюнча тең Абдукадырдын шериги болгон курулуш компаниясынын ээси боюнча дээрлик маалымат жок. Курулуш тармагында эч тажрыйбасы болбогон бир компания. Компаниянын ээси президенттин уулунун досу.
  • Президенттин уулунун дагы бир досу Абдукадыр менен бирге Кытай чек ара бекетине жакын жер тилкесин ижарага алган бир соода-сатык компаниясын ээлейт.
  • Бул маалыматтарга таянсак президент Жапаровдун бул долбоорлорго жана Абдукадыр менен байланышы бар деген ойлорду жаратат.

10-март президент Жапаров үчүн оңой күн болбоду. Бишкектин куйкаланган аптабында эки салтанттуу ачылыш аземине катышты: 20 миң адамге ылайыкташкан шаардын четиндеги мечит жана ордо калаанын борборундагы эң бийик имараттын курулушун да камтылган көп функционалдуу комплекс.

Президент менен бирге эки курулуш объектисин маанилүү инвестор Хабибула Абдукадыр да кыдырып жүрдү. Абдукадыр коррупционер кыргыз бажы кызматкерлери менен көмүскө бүтүм түзүп соода империясын башкарып байыган магнат.

Абдукадырдын негизги өнөктөшү болгон бажы кызматынын мурдагы чиновниги кийин коррупциялык иштерге тиешеси бар экени далилденип, күнөөлүү деп табылган. Андан соң АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген. Абдукадыр өзү эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес, ал эми президент Жапаров болсо магнаттын жогоруда айтылган курулуш долбоорлоруна каражат салганын жашырбайт.

«Эң маанилүүсү — ал издөөдө эмес, ага каршы козголгон кылмыш иши да жок», — деп президент курулуш башталгандан кийинки күнү журналисттерге жооп берди. — Кыргызстанга инвестор болуп, акча алып келүүгө даяр болгондорго кызыкдармын. Кол чаап тосуп алам».  

Бирок OCCRP журналисттери, 300 миллион доллар инвестиция салууну пландап жаткан Абдукадырга жана анын долбоорлоруна президенттин мындай колдоо көрсөтүүсү өлкөдөгү инвестициялык маанайды жакшыртуу үчүн эле эместигин аныкташты.

Жакында табылган документтерде эки долбоорду тең башкара турган жаңы катталган курулуш компаниясынын аркасында ким турганы белгилүү болду. Компаниянын ээлеринин бири — Абдукадырдын девелопердик компаниясы, ал эми экинчиси — ишкердик чөйрөдө да, курулушта да эч кандай тажрыйбасы жок 25 жаштагы жигит. Бул жигит президенттин уулу Рустам Жапаровдун досу.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (алдыңкы планда солдо) жана Хабибула Абдукадыр (Жапаровдун сол тарабында) «Ыйман борбору» мечитинин курулушунун ачылыш аземинде. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Журналисттер Рустамдын дагы бир досу — мындан бир нече жыл мурун автослесарь болуп иштеген жигит Абдукадыр менен бирге башка компаниянын тең кожоюну экенин аныктап чыгышты. Бул компания эмне иш кылары белгисиз, бирок ушул тапта Абдукадыр аткез жүк ташып өткөн деп айтылган чек ара бекетинин жанындагы жер тилкесин ижарага алган.

Бул табылгалар жергиликтүү «ПолитКлиника» басылмасынын башка бир иликтөөсүнүн жыйынтыктары менен окшош. «ПолитКлиниканын» журналисттери президенттин уулунун дагы бир досу, баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештирди деп жакында эле кылмыш иши козголгон бир девелопердик компаниянын 50 пайыз акциясын алганын аныктап чыгышкан.

Президент Жапаровдун уулунун жаш, өздөрү анча таанылбаган үч досу ушундай ири долбоорлор менен тыгыз байланышта болгону, бул жагдайга президенттин тиешеси барбы деген ойду жаратпай койбойт.

Абдукадыр жана анын саясий колдоочулары жөнүндөгү буга чейинки иликтөөлөр көрсөткөндөй, маанилүү адамдардын бизнеске аралашканын жашыруу үчүн,  көп учурда компаниялардын директорлорунун же акционерлеринин милдетин ушундай чала тааныш жигиттер аткарышкан.

Саясат таануучу, Берлиндеги Орусия жана Евразияны изилдөө боюнча Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаровдун айтымында, Жапаровдун максаты ачык эле көрүнүп турат.

«Демократия бардай көрүнгүсү келген, бирок чынында авторитардык өлкө. Бул өлкөнү башкарган адам иллюзия жаратып жатат. Кандайдыр бир кырдаалды түшүнүү үчүн анын эки катмардан тургарын унутпашыбыз керек. Биринчи катмар расмий катмар — бизди ишендиргиси келген маалымат, көрүнүш; ал эми экинчиси реалдуу. Чынын айтсам, Жапаров жана анын айланасындагылар жөн гана өздөрү үчүн ыңгайлуу, рахат жашоо уюштуруп жатышат», — дейт.

«Журналисттер мунун баары... болбошу керек деп жазышат, Жапаров кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, айланасындагыларга, айрыкча жакындарынын чөнтөгүн кампайтып, жок жерден акча табуусуна жол бере албайт. Бирок сөздө эле ушундай экенин баарыбыз түшүнөбүз, ал эми чынында ал каалаганын кыла алат. Эч ким тоскоол боло албайт», — деп сөзүн улантты.

Президент Жапаровдун расмий өкүлү Абдукадыр жана анын шериктери жөнүндө «мамлекет башчысы менен бул адамдардын ортосунда эч кандай бизнес байланыштары жок» деп жооп берди. 

«Алар Бишкектеги инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жалпы 1,5 миллиард долларга жакын инвестиция салып жатышат», — деп президенттин расмий өкүлү журналисттер сураган долбоорлордун баасынан бир нече эсе жогору сандарды айтты. 

«Биздин өлкөнүн шарттарында бул олуттуу сумма», — деп кошумчалап, акыркы 2,5 жылдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү Кыргызстанга жигердүү түрдө инвестиция тартуу иши уланып жатканын жана бул өз натыйжасын бергенин көрсөтүп турат деп баса белгиледи.

Ал эми журналисттердин президенттин уулунун досторунун Абдукадыр менен тең кожоюн болгон ишканалары боюнча суроолоруна жооп берген жок.

Абдукадыр комментарий алуу боюнча сурам катка жооп берген жок.

«Бишкек Сити Борборунун» курулушу пландаштырылган аянт. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Достору жана жакындары

Абдукадырдын «Бишкек Сити Борбору» жана «Ыйман Борбору» мечитине инвестиция салуу шарттары Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан бекитилип, интернетке жарыяланган келишимде жазылган.

Документке ылайык, эки долбоорду тең Абдукадырга таандык өзбекстандык Hyper Partners компаниясы ишке ашырат. Мамлекеттен жер алуу жана алты жылдык мөөнөткө салык жеңилдиктери үчүн Hyper Partners долбоорлорго 300 миллион доллардан кем эмес инвестиция салууга милдеттүү.

Буга чейин Hyper Partners жөнүндө дээрлик эч маалымат жок болчу, бирок OCCRP жана өнөктөштөрү тарабынан жүргүзүлгөн мурунку иликтөө учурунда Абдукадырдын компаниясы бийликтин колдоосу менен Ташкентте дагы бир ири объектти куруп жатканы белгилүү болду.

Инвестициялык келишимде долбоорлорду ишке ашырууга катыша турган кыргызстандык «Бишкек курулуш жана девелопмент» курулуш компаниясы да бар. Бул компания курулуш башталган күнү негизделген, документте ал Hyper Partners компаниясынын Кыргызстандагы туунду ишканасы экени жазылган.

Бирок журналисттер бул жаңы компания Hyper Partners менен башка эки фирманын биргелешкен ишканасы экенин аныкташты.

Алардын бири — Кыргызстанда жаңыдан түзүлгөн «Репал» компаниясы, ал тууралуу дээрлик маалымат жок. Анын ээси 2018-жылы атасы менен бирге Кыргызстандын жарандыгын алган жигит.

Экинчиси болсо биргелешкен ишкана ишке киргенге саналуу күн калганда гана катталган «Мега Конструкт» компаниясы. Документтерде анын негиздөөчүсү катары президенттин уулу Рустамдын досу Арген Кадырбеков көрсөтүлгөн.

Арген менен Рустам экөө тең 1997-жылы туулган, ар түрдүү иш-чараларга чогуу барып, бир достор тобу менен катышышат, соцтармактарда чогуу түшкөн сүрөттөрүн бөлүшүшөт. 2016-жылы Рустам Кадырбековдун үйлөнүү тоюнда конокто болгон.

Рустам Жапаров (оң тарапта экинчи) Арген Кадырбековдун үйлөнүү тоюнда (ортодо, келиндин жанында). Сүрөт: Instagram

Кадырбеков президент Жапаровду жан дили менен колдоп келет жана президенттин уулу менен дос. Бирок ал тууралуу ачык маалымат булактарында дээрлик эч кандай маалымат жок.

Журналисттер «Мега Конструкт» компаниясы катталган даректе азыр Кадырбековдун жубайына таандык, мурда президенттин жакындарына таандык болгон батир бар экенин аныкташты.

2013-жылдан 2022-жылга чейин батирге Жапаровдун эки эжеси жана апасы ээлик кылган. 2022-жылдын октябрь айында батир Арген Кадырбековдун жубайы Рахат Бактыбековага сатылган.

Кадырбеков менен анын жубайынын башка кандайдыр бир бизнеси жок. Арген жана Рахаттын үй-бүлөлөрүн тааныгандар аларды «анчалык деле бай эмес» деп сыпатташты.

Кадырбеков комментарий боюнча сурамга жооп берген жок.

«Жалпы эл, Кудай баарын көрүп турат»

Жапаровдун чөйрөсүнөн Абдукадыр менен бирге иштеген жалгыз Кадырбеков эмес.

Кыргызстандын дагы бир жараны Дастан Эрмекбай уулу Абдукадырдын Tashkent Trade Center өзбек компаниясы менен биргеликте ачылган эки ишкананын ээси жана директору.

Социалдык тармактардагы сүрөттөргө караганда, Эрмекбай уулу да президенттин уулу менен дос.

Абоненттин номери анын байланыштарынын арасында кандай жазылганын көрүүгө мүмкүн болгон GetContact тиркемесинде, Эрмекбай уулунун кеминде алты таанышы президенттин уулу Рустам Жапаровго шилтеме жасап, анын номерин сактап калганы көрүнүп турат: «Дастан Друг Рустама 01» же «Дастан Охрана Рустам».

Эрмекбай уулу Жапаровдун өзү менен да иштешкен. 2020-2021-жылдары Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондо анын шайлоо штабында иштеген.

Дастан Эрмекбай уулу «иштемин» деп жазып Instagram баракчасында бөлүшкөн сүрөтү 2018-жылы автосервисте иштегендигин тастыктайт. Сүрөт: Instagram

Эрмекбай уулунун аты дагы бир канча учурда президенттин өзүнө же биринчи айым жетектеген, кийин бирок жоюлуп кеткен «Үмүт булагы» фондуна таянып жазылган: «Садыр Дастан», «Дастан Жапаровдун штабы», «Дастан (Президент)» жана «Дастан Үмүт Булагы».

Ондон ашык адамда жазылган аталышка караганда, Эрмекбай уулу коопсуздук маселелерине да тиешеси бар болгон: мисалы, бирөө анын номерин «Дастан Нач.Охраны» деп жазган.

Бир гана көзгө батаарлык көрүнүштү эске албаганда, Эрмекбай уулу менен Абдукадырдын биргелешкен ишканаларынын коммерциялык ишмердүүлүгүнүн белгилери дээрлик байкалбайт. Алардын жалпы «Инвест Трейд» компаниясы кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрүү пунктуна жакын жерде 96 гектар жер тилкесин ижарага алган.

Буга чейинки иликтөөлөрдө айтылгандай, Абдукадырдын фирмаларына таандык жүк ташуучу унаалар көп жылдар бою ушул өткөрмө пункту аркылуу Кытайдан Кыргызстанга, ал жактан башка базарларга туура эмес маркаланган товарларды ташып келишкен. Коңшу Өзбекстанда да Абдукадырдын компаниялары маанилүү чек ара бекеттерине жакын жерде соода-логистикалык борборлорду иштетет.

Эрмекбай уулу комментарий берүү алуу үчүн жөнөтүлгөн сурам катка жооп берген жок.

Президент бул бизнеске кызыкдарбы же жокпу белгисиз. Жапаров Абдукадыр тууралуу март айында берген маегинде «интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын» сын-пикирлеринен коркпой турганын айткан.

«Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? — деген Жапаров. Жалпы эл, Кудай баарын көрүп турат».

«Клооп» басылмасы менен биргеликте даярдалды

Авторлору: Элдияр Арыкбаев жана Temirov LIVE