Макала «УКМКнын аброюна шек келтирет». «Клооп» кантип бөгөттөлгөнүн айтып беребиз    

12-сентябрда Маданият министрлигинин «Клооптун» орусча сайтын «анык эмес маалымат» («фейктер» жөнүндөгү)  мыйзамдын негизинде бөгөттөө тууралуу чечими күчүнө кирди. Сайтка бөгөт коюуга «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген аталыштагы макала себеп болгон. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аталган материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.  

«Клооп» Маданият министрлигинин чечимин четке кагууга аракет кылды, бирок ведомствонун министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгулов башында турган комиссиясы сайтты бөгөттөө чечимин күчүндө калтырды. Соңку эки күндө бир катар интернет-провайдерлер менен уюлдук операторлор колдонуучулар үчүн сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн жапканга үлгүрдү. 

УКМКнын арызы 

6- сентябрда УКМК «Клооптун» «Империалисттик Кыргызстан. Эмне үчүн өлкөдө Орусияны колдоп жатышат» жана «“УКМКнын көрсөтмөсү”. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген эки материалына арызданып Маданият министрлигине кайрылган. Атайын кызмат министрликтен «анык эмес малыматтын жайылышына жол бербөө жана коомдук пикирди манипуляциялоонун алдын алуу максатында» аталган эки макаланы өчүрүү боюнча «чара көрүүнү» суранган.  

Арызда «Империалисттик Кыргызстан» деген макала «чындыкка коошпогон тенденциялык-чагымчыл мүнөзгө ээ» деп айтылат. Атайын кызматтын пикиринде, «Орусия менен Украинанын ортосунда болуп аткан аскердик аракеттердин шартында анык эмес маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыргыздар менен орустардын ортосунда улуттар аралык тирешке алып келиши мүмкүн». (Бул жерде жана андан кийинки жерлерде да УКМКнын арызында көрсөтүлгөн цитаталардын түп нускасы келтирилди). 

«Р.Жээнбековго карата кыйноо жана куугунтук УКМКнын көрсөтмөсү менен уюштурулуп жатат деген маалымат чындыкка коошпойт жана аныкм эмес болуп эсептелет», — деп белгиленет экинчи материлга байланыштуу арызда. 

УКМК өз арызында эмнегедир «Клооп Медиа» Коомдук фондун жоюуну талап кылган прокуратуранын доо арызына да таянып, ал жердеги «Клооптун» чыгарган материалдарында төмөнкүлөр колдонулган деген кээ бир цитаталарын алып колдонгон: 

  • «атайылап чыныгы маалымат менен кагылыштыруу ыкмасы менен айыптоонун субъективдүү модалдуулугунун каражаттары»;
  • «окурмандарды терс маалымат берүү аркылуу ынандыруу»; 
  • «Орусия менен болгон байланыштарга терс мамиледе болуу керектигине ынандыруу».

Бөгөт боюнча чечим жана «Клооптун» арызы

7-сентябрь кечке маал «Клооптун» почтасына Маданият министрлигинен кат келген. Катта « “УКМКнын көрсөтмөсү”. Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген макалада «жалган маалымат» бар экени айтылган. 

Ведомство «жалган маалыматты» эки иш күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылган. Министрлик талап аткарылбаса «Клооптун» сайтынын ишин эки айга чейинки мөөнөткө «токтотуп туруу» чечимин кабыл аларын айткан. Бирок «Азаттыктын» мисалы көрсөтүп тургандай, сайттын бөгөтү белгисиз мөөнөткө чейин созулуп, талап кылынган материал өчүрүлмөйүн тура бериши мүмкүн. 

Кийин Маданият министрлигинен «Клоопко» билдиришкендей, ведомство «Империалисттик Кыргызстан. Эмне үчүн өлкө Орусияны колдоп жатат?» деген материалга карата арызды фейктер жөнүндөгү мыйзамга туура келбегендиктен четке каккан. 

«Клооптун» юристтери Маданият министрлигинин чечимине жооп кылып,   материалды өчүрүү чечимин жокко чыгартуу үчүн кайра министрликке арыз жазышкан.

Анда өчүрүүнү же төгүндөөнү талап кылуу, мыйзам боюнча, сотко берилген арыздын негизинде жоопкер тараптан гана талап кылынышы керетиги айтылган.

Ошондой эле юристтер документте «Клооптун» Жээнбеков тууралуу макаласында редакция УКМКнын же Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кандайдыр бир кылмыш жасаган деп айтпаганын, макалада маалымат саясатчы Жээнбековдун өзүнүн Фейсбуктагы барагына таянып жазылганын белгилешкен.

Андан тышкары «Клооптун» юристтери УКМК «фейктер» жөнүндөгү мыйзамдын талабына ылайык материалды өчүргүлө деп редакциянын өзүнө кайрылбастан түздөн-түз Маданият министрлигине арызданганын белгилешкен.

«Анын үстүнө [Жээнбековдун ] ТИЗО-1деги кармоо шарттары тууралуу билдирүүсү УКМКга эмес, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына тиешелүү. ТИЗО-1 УКМКнын түзүмдүк же өзүнө караштуу бөлүмү эмес, демек бул жерден арыз ээсинин аброюна доо кетти деп айтууга болобу?» — деп белгиленген арызда.

Маданият министрлигиндеги жыйын

11-сентябрда Маданият министрлиги «Клооптун» доо арызын карады. Жыйынга УКМКнын шаардык бөлүмүнүн эки кызматкери менен басылманын өкүлдөрү катышты. 

Тараптар кайрадан позицияларын айтып, Маданият министрлиги «Клооптун» доо арызын канааттандыруудан баш тартты. 

Чечимдин негиздемесинде анын мындайча себеби көрсөтүлгөн: «материалды чыгарардын алдында макалада айтылган фактыларды тастыктоо же төгүндөө үчүн УКМКнын басма сөз кызматынан маалыматты тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес».

Ошол эле маалда Жээнбеков тууралуу жаңылыкта саясатчынын кыйноого кабылганы жөнүндөгү билдирүүсүн четке каккан ЖАКтын позициясы көрсөтүлгөн. Ал эми УКМКнын өзүнүн басма сөз кызматы бул боюнча расмий төгүндөөсүн 9-сентябрда гана — башкача айтканда «Клооптун» үстүнөн арыз түшкөндөн эки күн өткөндөн кийин тараткан. Ошондой эле саясатчынын билдирүүсү чыккандан бир жумадан ашык убакыт өткөндөн кийин гана чыгарган. Аны Кыргызстандын бир катар басылмалары да тараткан.  

«Клооп» УКМКнын төгүндөөсүн» кыргыз жана орус тилдеринде чыгарган.

Кыргызстандагылар «Клоопту» кантип окуса болот?

Анын бир нече оңой ыкмасы бар. Биздин сайттын бөгөттөлбөгүдөй күзгү версиясын бар, ага оңой эле кирип окуй берсе болот (чындыгында анын функционалына бир аз чектелүү болгону менен акыркы материалдарды толук кандуу окуса болот).

Биздин макалаларды «Клооптун» социалдык түйүндөрдөгү барактарынан дагы эч тоскоолдуксуз окуп жана көрсө болот. 

Мындан тышкары, бөгөттө турган кайсы гана сайт болбосун VPN (Virtual Private Network) технологиясы аркылуу окуса болот. Кыскача айтканда, бул виртуалдык жеке тармактар, алар интернетти кимдир бирөөгө көрүнүп калбастан байкалбай колдонууга мүмкүндүк берет.  

Смартфон жана планшеттер үчүн:

Windscribe — Top10VPN’дин версиясы боюнча 2023-жылдын эң мыкты акысыз VPN-сервиси. Аны болгону телефонго жүктөп алып, каттоодон өтүп, колдоно берсе болот. Акысыз трафиктин саны чектелүү, андыктан VPN аркылуу сериал көрбөй эле койгон оң.

Компьютерлер үчүн:

Бул жерде смартфондордукунан да оңой десек болот. Себеби ичинде VPN’и бар  браузерди орнотуп алган жетиштүү. Мисалы, Mullvad Browser — ушундай эле аталыштагы VPN-сервистин продукциясы. Керектүү сайттарды ушул браузер аркылуу ачып алып окуй бересиз!

Аны Windows жана MacOS үчүн орнотуп алса болот. Мисалы, сиз Firefox браузерин колдонсоңуз, ага Mullvad кеңейтмесин орнотуп коюу жетиштүү. 

Эгер сизде акылуу VPN-сервистерин колдонууга мүмкүнчүлүк бар болсо, анда ошондой эле кылганыңыз жакшы. Себеби алар тез иштейт жана акысыздарына караганда коопсузурак болот.   

Тема боюнча окуңуз: «Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт