УКМК: Жээнбековдун «УКМК тарабынан кыйноо, куугунтуктоо уюштурулду» деген билдирүүсү жалган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбековдун «УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду» деген билдирүүсүн төгүндөдү.

Атайын кызмат 9-сентябрда бул боюнча атайын билдирүү жасап, Жээнбековдун айткандарын «жалган» деп маалымдады.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстанда чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралганы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле УКМКдан Жээнбековго карата козголгон кылмыш ишин ИИМ тергеп жатканын жана саясатчы Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагында экенин кошумчалашты.

Жээнбековдун билдирүүсү жана УКМКнын арызы

Жээнбековдун «абакта кыйноого кабылып жатканы» тууралуу билдирүүсү 1-сентябрда фейсбук барагына жарыяланган. Анда саясатчы буга УКМКнын тиешеси бар экенин айтып, эл аралык уюмдарга, Кыйноолорду алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Ал «сыз, муздак камерага жатууга ден соолугум жол бербейт дегенине карабай муздак, шарты жок камерага которуп жатышканын» белгилеген.

Кийин Жээнбековдун фейсбук барагына дагы бир кайрылуу жарыяланып, анда «Кемпир Абад иши» боюнча абакта жаткан төрт кишиге «кыйноо уланып жатканы» белгиленген.

Жаза аткаруу кызматы болсо «Клоопко» бул маалыматты төгүндөгөн. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева «кыйноо — кылмыш» экенин белгилеп, «абакта андай нерсе жок» деп билдирген.

Кийин УКМК Жээнбековдун билдирүүсү боюнча «Клооп» жазган макаланы өчүрүү талабы менен Маданият министрлигине арыз берген. Анда «жалган маалымат бар экени, эгер макала өчүрбөсө, сайт бөгөттөлөрү» белгиленген. «Клооптун» юристтери бул боюнча Маданият министрлигине административдик доо арыз жөнөткөн.

Кемпир-Абад иши

Равшан Жээнбеков 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы менен бирге кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар «дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон» деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Абактагылар аларга карата кыйноо уланып жатканын айтышууда