«УКМКнын көрсөтмөсү». Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады

«Кемпир-Абад иши» боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылып жатканын кабарлады. Бул тууралуу ал 1-сентябрда фейсбук барагына жазды.

Саясатчы буга УКМКнын тиешеси бар экенин айтып, эл аралык уюмдарга, Кыйноолорду алдын алуу борборуна, Акыйкатчы институтуна жана укук коргоочуларга кайрылды.

«Беш күндөн бери күнүгө тинтүү болуп, эч мыйзамсыз буюм таба албай, бүгүн СИЗО-1 дин кызматчыларысыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага камашты. Менин "сыз, муздак камерага жатууга ден соолугум жол бербейт" дегениме карабай жарым подвалга, 1-кабатка которушту. Түрмөгө камалгандан бери жалгыз мени эле төртүнчү жолу башка камерага которуп, атайылап кыйнашууда» —  деди ал.

Жээнбеков президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «жакындарын куугунтуктап бүтүп, аны оорутуп өлтүрүү үчүн атайылап ден соолугуна туура келбеген, сыз камерага камашууда» деп билдирди.

Азырынча бул боюнча Жаза аркатуу кызматы да, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да комментарий бере элек.

Кемпир-Абад иши

Равшан Жээнбеков 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы менен бирге кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кемпир-Абадды бергенге барабар». Равшан Жээнбеков Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу