Бишкек: Өнөктөшүнө зомбулук көрсөтүп жүргөн шектүү эки айга камалды

16-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну анын курбусу чогуу жашаган адамы тарабынан зомбулукка кабылганын айтып чыкты. Соцтүйүнгө жарыяланган билдирүүдө аялга карата зомбулук акыркы беш жылдан бери уланып келгени айтылат. 

«Ал коомго коркунучтуу адам — American School’дун жетекчиси, 30-августтан бери курбумду, чогуу жашаган аялын такай сабап, ар кандай жол менен шылдыңдап, атүгүл үтүк басып, анысын кызганыч менен түшүндүрүп келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Зомбулукка кабылды деген аялдын жаракаттары. Сүрөт соцтүйүндөн алынды.

Ошондой эле алардын төрт жашар кызы бар экени, жабырлануучу «жолдошунан кетип калууга аракет кылганда, ал “кызды алып коём, акырына чейин бирге болушубуз керек” деп коркутканы» айтылат.  

«Байланыштары менен акчасын пайдаланып, жоопкерчиликтен качууга аракет кылып, жазасыз калганын сезип, Ысык-Көлдүк экенине жана тааныштарына таянып жатат. Анткени ал бир жолу жазадан качкан: курбумду тоого алып барып, мыкаачылык менен сабаганда, ал прокуратурага арыз жазган, бирок иш козгошкон эмес. Азыр арызды кабыл алды, бирок ишти созуп жүрө бериши мүмкүн», — деп жазган бул тууралуу айтып чыккан аял.

Бишкектин Октябрь райондук милициясы жабырлануучу 15-сентябрда арыз менен кайрылганын тастыктады. Ал жарандык никеде жашаган жолдошу бир күн мурда аны сабап, зордуктаганын айтып берген.

Милиция бул окуяны «Зордуктоо» беренеси менен каттоого алып, 38 жаштагы шектүүнү кармаган. Райондук сот аны эки айга камакка алды. 

Тергөөнүн алкагында жабырлануучуга карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, азыркы тапта териштирүү жүрүүдө.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылдын жети айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 5911 фактысы катталган.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошондой эле зомбулуктан аман калгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулук тууралуу билдирүүдөн тайсалдашары айтылат.

Эгерде зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү