Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жаракат алган чек арачыга батир тапшырды

    УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Дастан Шарипов. Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жаракат алган чек арачыга батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу 19-сентябрда атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, куралдуу жаңжалда жабыркаган Дастан Шариповго Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди.

Ташиев чек арачынын ата-энесине ыраазычылык билдирип, Шарипов жаш муундарга үлгү экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин эч качан унутпайт.

Дастан Шарипов 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда минометтун жарылуусунан оң бутунан ажыраган. Сол буту күйүп, денесине темирдин сыныктары тийген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикири бар экенин айтышкан. Ал эми аныкталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.

Чек арадагы өткөн жылкы эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза тапкан — алардын 51и аскер кызматкери болчу. Жаңжалдын кесепетинен дагы 206 адам жаракат алган

Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттыктын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган. Жаңжалга эки өлкө бири-бирин айыптаган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын курмандыктарына арналган эстелик ачылды

Бир кадр менен: Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды