Бир кадр менен: Ташиев Баткенде чек арачыларга батирлердин ачкычын тапшырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен районунун Төрт-Күл айылында баткендик чек арачыларга жаңы курулган кызматтык үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде чек арычыларга үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Сүрөт: Чек ара кызматы

Ачкычтарды тапшыруу салтанаты 14-сентябрда өткөн. Эки жана үч бөлмөлүү батирлерди №2021 жана №2022 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери алды. Батирлердин бардыгында заманбап ремонт иштери жасалып, бардык керектүү тиричилик техникалары коюлганы айтылат. 48 батирден турган үйдө спортзал жана балдарды окуутуу үчүн кошумча жайлар каралган. 

Мындан тышкары, УКМКдан билдиришкендей, Лейлек районунун Кулунду айылында чек ара заставасынын курулушу аяктап, офицерлердин үйлөрү менен казармалык жайлар толук реконструкциядан өткөн. 

Кулунду жана Төрт-Күл айылдардагы объектилердин курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланган. 

2024-жылдын биринчи кварталында УКМК №2022 аскер бөлүгүндө курулуп жаткан дагы бир үйдү эксплуатацияга берүүнү пландап жатат. Буга чейин Ташиев Чүй жана Жалал-Абад облустарынын чек арачыларына батирлердин ачкычын тапшырган.