Баткен: Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын курмандыктарына арналган эстелик ачылды

Баткен шаарындагы «Жеңиш» паркында 2021-жылдын апрель жана 2022-жылдын сентябрь айларындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгондордун элесине арналган эстеликтин ачылышы болду. Бул тууралуу 15-сентябрда облустук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана маркумдардын жакындары катышты. 

«Эстелик мемориалында чагылдырылган колуна жети көгүчкөндү кармаган, чек ара окуясынын курмандыгы болгон — кичинекей Мадинанын элеси, тынчтыктын, жети облустун биримдигинин символу», — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы алгачкы ири куралдуу жаңжал 2021-жылдын 28-апрелинде чыккан. Аталган жаңжал 36 кыргызстандыктын өмүрүн алып, 189 кыргыз жараны жарадар болгон. 

Он миңдеген тургундар үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон, 140 турак үй жана 84 объект талкаланган.

Ал эми 2022-жылдын 14-17-сентябрында кайрадан куралдуу жаңжал чыккан. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бири-бирин айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кандуу жаңжалда 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаганын расмий тастыктаган.

Ал эми тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашыгы жабыркаганын белгилеген

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мадина». Чек ара чырында каза тапкандардын жакындары үчүн курулган шаарча ачылды

Баткенде 7 көчөгө чек ара чырында каза тапкандардын ысымы ыйгарылды