Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал Тажикстан менен байланыштуу чек ара маселелерине токтолду.
Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.
Жапаров туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгү сыздап, кабарлаганын эске салды. Ал кагылышууда эки тараптан кеминде 104 адам каза таап, 200дөн ашууну жарадар болгон.
Президенттин айтымында, «тынчтыкты сүйгөн элдин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасы менен ошондо чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтотуп калууга мүмкүн болгон».
«Ушуга байланыштуу, Кыргызстан талаш маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет. [...] Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз. Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз», — деди президент.
Жапаров Өзбекстан менен алаканы мисал келтирди. Өткөн жылдын аягында Кыргызстандын жана Өзбекстандын бийлиги 30 жылдан ашык убактан бери бүтпөй келе жаткан чек ара боюнча талаш-тартыштарга чекит коюлганын жарыя кылышкан.
«Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты. Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз.
Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет», — деп белгиледи ал.
БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөөдөн мурда Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу өткөрдү. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн алкагында алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине «өзгөчө көңүл» бурушкан.
Ага чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандын бийлиги азыркы күнгө чейин Кыргызстанга чек ара боюнча аймактык доо коюп келерин билдирген. Ал бул жагдай сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын, эгер Дүйшөмбү дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы табылган тарыхый документтердин негизинде коңшу мамлекетке аймактык дооматтарды коёрун айткан.
Ташиевдин бул билдирүүсү чуу жаратып, эртеси күнү Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев тажик ТИМине чакырылган. Ведомствонун билдирүүсүндө «ушул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө, ошондой эле өз ара ишеним мамилелерге олуттуу зыян келтириши мүмкүн» деп айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 604 чакырымы гана такталган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары аныктала элек болгондуктан Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын аймактарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.
2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.
Чек арадагы акыркы ири жаңжал туура бир жыл мурда болгон. 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.
Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган.
Дагы окууңуз: Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы