Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн аксакалдары жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасына чектеш айылдардын аксакалдары 19-февралда «Ынтымак жолугушуусун» өткөрдү. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Лейлектеги Борбордук айылы жана Хистеварз тажик жамоатынын ортосунда жайгашкан ресторанда өткөрүлгөн.

«Лейлектин чек аралаш айылдарынан 40ка жакын аксакал, Тажикстандын Гафуров районунан аксакалдар келди. Жалпысынан 100дөй адам болду. Ынтымак чайын ичип, аралашып отурушту. Көпчүлүгү бирин бири тааныйт экен», — деди Рахманкулов.

Ошондой эле жолугушууга Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана Тажикстандын Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода катышкан.

Аталган иш-чара 27-28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин өткөрүлдү. Чырдын кесепетинен 11 кыргыз жараны жарадар болгон. Ал эми тажик тарап 13 киши жабыркаганын, дагы экөө каза тапканын кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.

Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган.