Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин кыргыз элчиси Тажикстандын ТИМине чакырылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек ара тууралуу айткан сөзүнөн кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевди жолугушууга чакырды. Бул тууралуу 16-сентябрда коңшу өлкөнүн министрлиги кабарлады.

Ага чейин Ташиев «Тажикстан айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө доомат коё аларын» айткан болчу.

Жолугушууда «Кыргызстандын мамлекеттик жогорку кызматындагы өкүлдүн тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткандары тажик тараптын тынчсыздануусун жаратканы» белгиленген.

«Ушул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө, ошондой эле өз ара ишеним мамилелерге олуттуу зыян келтириши мүмкүн», — деп айтылат тажик тараптын билдирүүсүндө.

Ал эми жолугушуу тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстандагы элчилигинен маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

15-сентябрда Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы документтер табылганын айтып, «ошол юридикалык тарыхый документтин негизинде чек араны тактаса болорун» билдирген.

Кыргыз-тажик чек ара маселеси

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 604 чакырымы гана такталган. Аныкталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Өткөн жылы болгон эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза таап, 206 адам жаракат алган. Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Рахмон эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин талкуулашты