Жапаров менен Рахмон Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүштү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында жолугушуу өткөрүштү.

Жапаровдун басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

«Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Рахмондун басма сөз кызматынын маалыматында өлкө башчылары «Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашканы», аны менен катар «БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарына коюлган күн тартибинин темалары боюнча пикир алмашышканы» белгиленет.

Жапаров менен Рахмон акыркы аптада кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркациялоо маселесин эки ирет жолугуп талкуулап жатышат. Акыркы жолу өлкөнүн мамлекет башчылары 14-сентябрда Дүйшөмбүдө жолугушушкан болчу.

Аталган жолугушуудан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандын бийлиги азыркы күнгө чейин Кыргызстанга чек ара боюнча аймактык доо коюп келерин билдирген. Ал бул жагдай сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын, эгер Дүйшөмбү дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан дагы табылган тарыхый документтердин негизинде коңшу мамлекетке аймактык дооматтарды коёрун кошумчалаган.

Ташиевдин бул билдирүүсү чуу жаратып, эртеси күнү Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев тажик ТИМине чакырылган. Ведомствонун билдирүүсүндө «ушул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө, ошондой эле өз ара ишеним мамилелерге олуттуу зыян келтириши мүмкүн» деп айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары аныктала элек болгондуктан Баткен жана Ош облустарынын чек арага жакын аймактарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Чек арадагы акыркы ири жаңжал туура бир жыл мурда болгон. 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» өздүк булактарына таянып, 83 адам каза болгонун жазган.

Дагы окуңуз: Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы