Жапаров менен Рахмон эки өлкөнүн чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин талкуулашты

Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө жасаган иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди

«Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. […] Жапаров менен Рахмон эки мамлекеттин жана элдердин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти», — деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 604 чакырымы гана такталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыгы аныктала элек, андыктан чек арага жакын аймактарда — Баткен жана Ош облустарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында эки жолу масштабдуу жаңжал чыккандан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.  

Чек арадагы акыркы ири жаңжал туура бир жыл мурда болгон. 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик бийлиги бул жаңжалда өз тарабынан 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттык үналгысынын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза тапканын жазган.