Иллюстрация: Вероника Подлесная

Биз бир гана оппозицияны, жарандык коомду жок кылып, ЖМКга киришкен авторитардык режимдин классикалык шартынга жашап жатабыз десек жаңылган болобуз. Анткени август жана сентябрь айларындагы окуялар бийлик кылмышкерлерди бошотуп, ал эми жарандык активисттерди камакка алган Mafia State өлкөнү мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын көрсөттү.   

Материал «Пикир» бөлүмүндө жарыяланды — бул автордун жеке көз карашы дегенди түшүндүрөт. 

Президент Садыр Жапаров жана анын эч ким шайлабаса деле өлкөнү башкарып жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда кандайча диктатура орнотуп жатканын «Клооп» да, башка медиадагы кесиптештер дагы бир нече жолу жазып чыккан. 

2020-жылдагы бийликти басып алуу, Баш мыйзамды өздөрүнө ылайыктап кайра жазганы, парламенттик республиканы президенттикке айлантып, Конституциялык сот менен Жогорку сотту баш ийдиргени, алсыз жана чийинден чыкпаган Жогорку Кеңешке окшош эле Курултай институтун киргизгени, УКМКнын жашоонун бардык катмарына кийлигишип, ачык эле коркутуп, өлкөнү жеке менчигиндей башкарып жатканы, кызматтарды туугандарына бөлүп берип, митингдерге тыюу салганы, ЖМКды жаап, оппозиция өкүлдөрүн камакка алганы, байманалуу жашоосун даңазалап, эркиндикти муунткан путинчил мыйзамдарды көчүрүп келгени, адамдарды мыйзамсыз жарандыктан ажыратып, бийликке сын айткандарды департоциялаганы — дагы көпчө чейин тизмектөө болот.  

Биз мунун барын Бакиевдин тушунда эле башыбыздан өткөргөнбүз. Анан калса, акыркы саясий жаңылыктарды окуп отуруп, бийлик кылмыштуулукка ушунча жумшак мамиле жасап, ал эми акыйкаттык издегендерге катаал чара көргөнүнө таң калбай коюга болбойт. 

Хан сарайларга тынчтык, кепелерге согуш

Августтун башынан сентябрдын ортосуна чейинки аралыктагы жаңылыктар түрмөгүнө катарлаш чыккан 20 окуя ушулар. Булардын ичинен сегизинде кылмышкерлер реабилитация болгонун, жемкорлорго жеңилдик берилип, тууганчылык менен өзбилемдикти мыйзамдаштыруу аракети жүрүп, кылмышкер деген атын тазалоого умтулуу фактысын, ошондой эле, погончон мыкаачыларды актоо аракетин көрүп турабыз.  

Дагы 12 окуя — оппозиционерлер менен коомдук пикирдин лидерлерин абакта кармоо, интернетте чиновниктерге сын айткандын баарын айып пул менен коркутуу, соцтүйүндү бөгөттөө аракети, өздөрүнө пайдасыз делген ЖМКны жок кылуу жана жоюу, бийликтин оппоненттерин мыйзамсыз жарандыктан ажыратып жана өлкөдөн чыгаруу болгон.  

Бийлик үчүн ким жат, ким өз экенин ушул тизме даана көрсөтүп турат. А бирок кылмыш иштери менен «саясий» иштердин макамдуу фигуранттарынын камакта кармалган мөөнөтү андан дагы даана айгинелейт. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бажы тармагындагы коррупция иши боюнча болгону төрт айча камакта отуруп, кийин чыгып кетти. Аткезчилердин ана башысы Райымбек Матраимов бир нече күн камалып, көп өтпөй сот залынан бошотулду. 17-сентябрь күнү Матраимов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана кримтөбөл Камчы Көлбаев бир мааракеде — саясатчы Ахматбек Келдибековдун уулунун үйлөнүү тоюнда болгонун көрүшкөн. 2011-жылы Келдибековго коррупция боюнча айып тагылып, кийин Жапаровдун тушунда акталган болчу.  

Коррупционерлер тургай, депутат Жанар Акаевдин айтымында, жашы жете электерди зордуктаган* 88 киши колониядан бошоп кеткен. Ошол эле учурда, күнөөсүнүн далилдери элге ачык айталбай жаткан Кемпир-Абад ишинин фигуранттары ТИЗОдо жатканына бир жыл болуп калды. 
Ал эми, ушул тапта үй камагына чыккан көпчүлүгү бери дегенде жарым жыл абакта кармалган.

*кийинчерээк Пробация департаменти ошол 88 адамдын ичинен «Зордуктоо» беренеси боюнча соттолгондор болбогонун, «16 жашка чыга элек балдар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча гана соттолгондор болгонун билдирди (4-октябрь саат 15:00дө кошулду).

Июнда ЖМКда президенттин аталаш иниси Улан Жапаров кармалганы тууралуу маалымат тараган. Ал бажыдагы коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө. Президент шектүүгө карата «бардык мыйзамдуу чараларды көргүлө» деген тапшырма берген. Бирок Улан Жапаровду камакта калтыруу мөөнөтү 26-ноябрга чейин узартылып, азырынча ага эч кандай айып тагылган жок. 

Мыйзамдар жаңыланганы менен, «түшүнүктөр» өзгөргөн жок 

Коррупционерлерди, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүн, аткезчилерди калкалап, ошол эле маалда соцтармакта ыңгайсыз суроо узаткан жарандык активисттерди, оппозиция өкүлдөрүн, журналисттерди жана катардагы жарандарды катуу жазалаган бир гана Жапаров менен Ташиев эмес. Мурда деле мындай болуп келген. Айырмасы, азыркы учурда бийлик мунун баары норма катары көрсөтүп, мыйзамдаштыргысы келип жатат. 

Булар саясатчылардын 2023-жылга чейин топтогон коррупциялык активдерин адалдап беришти. Ошол эле маалда, алардын кирешеси менен мүлкүнүн жаңы декларациясы жабык болот. Мындай буга чейин болгон эмес. Булар мамлекеттин үлүшү бары компаниялардын сатып алууларын жашыруун кылып коюшту, атаандаш тендер системасын чектеп, тиги же бул мекеме эмне сатып алат, канчадан сатып алат, кимден сатып аларын президент жалгыз чече тургандай ыйгарым берип коюшту. Булар шайлоодогу байкоочулардын ишин татаалдантышты. Таасирдүү адамдардын мурдагы кылмыш иштеринин маалыматтары сакталган Башкы прокуратура менен ИИМдин сайтынын архивин жок кылышты. Коррупция иштери боюнча сот өкүмдөрүн коомчулуктан жашырып жатышат.  

Садыр Жапаровдун билдирүүлөрүнө карап айтсак, ал коррупциялых схема түзгөндөр журналисттерга караганда пайдалуу экенине чын жүрөктөн ишенет. Анткени коррупциядан тапкан күмөндүү кирешесинин бир бөлүгүн экономикага инвестиция кылып жатышат. 

Бир сом уурдап, тыйынга имарат курду — азамат, эркек! Муну айтып чыкса — бузуку жана чет элдик тыңчы. 

Эгерде шылуундар анын саясатын колдосо, Жапаров уурулук тууралуу кадыресе көрүнүштөй кеп салат. Бир жыл мурун, Жалал-Абад мамлекеттик мунайды кайра иштетүүчү заводун жетектеп турган Ташиевдин жээнин мактап-жактап (анда УКМКнын башчысынын туугандары мунайды алып сатуудан эки күндө 37 млн сом табышкан) президент уруулук жөнүндө кыйытып өткөн. Кыязы, мурунку президенттерди айтса керек. Макул, бирок кимдир бирөө жазасын алдыбы? Ушул жылы Ысык-Көлдөгү пансионаттар талкаланганы үчүн профсоюз жетекчилигин кекетип, аларды «уурулукка» жана «талап-тоноочулукка» айыптап — бирок мында деле аларды жоопко тартуу тууралуу ооз ачкан эмес.  

Кээде бийликтеги тандем мыйзамды карап да койбостон каалаганын кылат. Мисалы, мамлекеттин алтынын сатуу тууралуу макулдашуу үчүн Түркияга эч кандай мамлекеттик статусу жок президенттин агасы барган – президенттин агасы катары гана. Жапаровдун уулу, Рустам аттуу жаш жигит ири бизнес долборлордо аралашып жүрөт. тек гана президенттин баласы катары. Президент болсо эчтеке болбогондой түр менен: эмнеси бар экен, Рустамга инвесторлор ишенет деп түшүндүрөт. Августтун аягында президент коомчулуктун алдында  туугандары «Барселонанын» футболдук франшизасын алып келүүгө катышып жатканын мойнуна алды. Кызыкчылар кагылышыбы? Жок, жок, ал эмне өзү? 

Бийлик ачык эле түшүнүктөр менен жашап калды, ушунун өзү режимдин эволюциясынын жаңы этабы өңдөнөт: диктатуранын белгилери менен коштолгон консолидацияланган автократиядан башталган мафиялык мамлекетти курууга чейин. Баса, бул түшүнүк дүйнөлүк саясат таанууда мурда эле отурукташып калган. Дүйнөлүк банктын мурдагы аткаруучу директору, философия илимдеринин доктору Мойзес Наим Mafia State бул мыйзамсыз тажрыйба көндүмгө айланган мамлекет деген аныктама берген. 

«Күчтүү бандаларды жок кылуунун ордуна, кээ бир өкмөттөр өзүнө алардын функциясын алып алышкан, — деп ал 2012-жылы эле айткан. — Мафиялык мамлекеттерде өкмөттөгү чиновниктер өздөрүн, үй бүлөсүн, досторун байытыш үчүн акча, зомбулук, саясий күч колдонуп, өз бийлигин бекемдөө жана кеңейтүү үчүн кылмыш синдикаттарынын глобалдык байланыштарын дагы колдонушат. Чындыгында дүйнөнүн көп киреше алып келген мыйзамсыз ишканаларда чоң кызматтарды профессионалдуу кылмышкерлер ээлебейт; эми алардын катарына чоң кызматтагы өкмөттүк чиновниктер, мыйзам чыгаргандар, атайын кызматтардын башчылары кирет». 

Доктор Наим бул байланышта Кыргызстанды эскербейт, бирок сөз биздин мамлекет жөнүндө дагы болуп жатат деген сезимден арылуу кыйын.