Беткапчан адамдар Болот Темировду сот Кыргызстандан чыгарып салуу чечимин кабыл алгандан кийин «Манас» аэропортунда коштоп баратат. Видеодон скриншот: «Клооп»

Болот Темировдун окуясы — Кыргызстандын тарыхында жаран эч кандай анык мыйзамдуу негиздер жок эле жарандыктан ажыратылган биринчи учур. Ошондой эле бул Орусиянын эң эле жаман тажрыйбасы колдонулгандыгынын кезектеги белгиси, Темиров дал ушул өлкөгө чыгарылды. Ал жерде кыргызстандык журналистти согушка мобилизациялоо коркунучу күтүп турган болушу мүмкүн.

Бул материал «Пикирлер» рубрикасында жарык көрдү. Колонкада автордун жеке ою чагылдырылат.

Айраң-таң калуу, нес болуу — Кыргызстандын жарандык коомунун Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына реакциясын дал ушинтип мүнөздөсө болот. Темиров жогорку кызматтагы аткаминерлерге эбактан бери эле ңгайсыздык жаратып келген коррупция тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрдүн автору.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу мамлекеттик ишканадагы мазутту сатуудан эки күндүн ичинде 30 млн сомдон ашык киреше тапканы жөнүндө видео чыккандан кийин алардыниликт сабыры түгөнгөн. Январь айында күч кызматкерлери Temirov Live’дын кеңсесине бастырып кирип, тинтүүгө алышкан, кийин кармалган Темиров өзү билдиргендей, ошол учурда шымынын арткы чөнтөгүнө баңгизат салып коюшкан. Аларды «мыйзамсыз даярдоо» айыбы иликтөөчү урналистти кармап, ТИЗОго киргизүүгө жүйө болуп берген.

Кийинчерээк бийлик журналистти куугунтуктоо үчүн дагы бир жүйө тапкан — тергөө 2008-2009-жылдары Темиров Орусиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын ID жана жалпы жарандык паспортту мыйзамсыз алган деген кине койгон. Анын аталган документтерди алуу учурундагы папкасынан кандайдыр жол менен маанилүү бланк жоголуп кеткен. Ушундан кийин журналистти документтерди жасалмалоого айыптап чыгышкан.

Темиров жана жактоочулары журналисттин баңгизатты сактоо жана даярдоо тиешеси жоктугун далилдешип, сентябрда сот аны бул иште актаган. Анткен менен аны аны документтерди жасалмалоо ишинде күнөөлүү деп табышкан, а бирок бул берене боюнча кылмыш ишти кароо мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза дайындалган эмес.

Журналист бул өкүмдү да жокко чыгаруу үчүн дароо аппеляциялык арыз берген. Бирок журналисттин мамлекеттик маалымат базаларына киргизилген кыргыз паспортундагы маалыматтары баары бир деле жараксыз деп табылган.

Бул кайсыл мыйзамдын негизинде ишке ашканы белгисиз: жайында Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендер сотто Темировдун паспорту жасалма эместигин, ал мыйзамдуу түрдө берилгенин тастыкташкан.

Бирок бул Бишкек шаардык сотун ойлондуруп да койгон жок. 2022-жылдын 23-ноябрында шаардык сот Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин («Өлкөдөн чыгарып жиберүү») негизинде Болот Темировду «чет өлкөлүк жаран же жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин жарандыгы жок адам» катары Орусияга депортациялоону токтом кылды. Бирок Темиров эч кандай жаза өтөгөн эмес.

Беткапчан кишилер 23-ноябрда Болот Темировду сот залынан күчтөп алып чыгып баратышат. «Клооптун» видеосунан скриншот.

Мыйзамсыздык жана өч алуу

«Болот Темировду жарандыктан ажыратуу мыйзамсыз, — деп билдирди “Клоопко” укук коргоочу жана юрист Нурбек Токтакунов. — Жарандык бул ысым сыяктуу: адамды кантип ысымынан ажыратып салууга болсун? Темировду [өлкөдөн] чыгаруу мыйзамсыз. Бирок соттор азыр мунун баары мыйзамдуу деп жазып чыгышат».

«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» мыйзамсынын 4-беренесинде Кыргызстандын ар бир жараны өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес деп айтылат. Ошол эле кезде кыргызстандыктар жарандыкка ээ болуу негиздерине жана тартибине карабастан бирдей укуктарга ээ. 2016-жылдын 4-августунда президент Алмазбек Атамбаев террористтерди жана экстремисттерди кыргыз жарандыгынан ажыратуу жөнүндө мыйзамга кол койгон. Мыйзамды демилгелегендердин бири, депутат Искендер Матраимовдун айтымында, жарандыктан Кыргызстандын сыртында экстремисттик-террористтик аракетттерди жасагандар гана ажыратылат. Бирок бул Темировго тийиштүү эмес экени айдан ачык.

Front Line Defenders укук коргоо уюму Темиров Кыргызстандын жарандыгынан 2022-жылдын 17-майында ажыратылган дейт. Журналисттин паспортундагы маалыматтар соттун расмий чечими жок эле Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасына жараксыз катары киргизилген деп белгилейт ал. Темировдун паспорту жокко чыгарылганын уюм «журналисттин адам укуктарын коргоо боюнча тынч ишмердүүлүгү үчүн өч алуу» деп атап, жарандыгын кайтарууну талап кылууда.

Май айында кыргыз юристи жана Freedom for Eurasia укук коргоо уюмунун төрайымы Лейла Назгүл Сейитбек дагы Болот Темировго каршы айыптарды «коррупция тууралуу иликтөөлөрү үчүн өч алуу» деп атаган.

«Медиа Полиси Институтунун» юристтери Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренеси боюнча өлкөдөн чыгаруу — өз алдынча жаза эмес, негизгисине кошумча экенин эске салышат. Ал эми негизги жаза болгон эмес, себеп дегенде документтерди жасалмалоо боюнча Темировго тагылган айыптын мөөнөтү өтүп кеткен

«Медиа Полиси Институту» соттун журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимин бийликти сындагандарды «куугунтуктоонун чектен ашкан фактысы» деп атады. Мындан тышкары, юристтер Болот Темировдун Орусияга депортацияланышы аталган өлкөдө уланып жаткан мобилизациянын шартында журналисттин өмүрү менен саламаттыгына олуттуу жана чон коркунуч туудурат деп эсептешет.

Орусиялык автократиянын кыйшык күзгүсү

Болот Темировду жарандыктан ажыратуу — кыргыз бийлиги Орусиянын эң эле жаман тажрыйбаларын колдонгонунун кезектеги далили. Орусияда жазалоонун бул түрү бериде 2020-жылдан бери колдонулуп келет — бул жада калса башка өлкөлөрдүн жарандыгы жокторго карата да колдонулат.

Сүрөт:  Михаил Метцель / ТАСС

2022-жылдын 13-ноябрында Орусиянын президенти Владимир Путин терроризм жана бантизм үчүн эле эмес, бийликке жакпаган чет элдик жана эл аралык коммерциялык эмес уюмдарга мүчө болуу, «армияны дискредитациялоо», «жек көрүү же кастыкты козутуу», документтерди жасалмалоо, пара алуу, «Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүнө каршы чакырыктар, бейбаштык жана башкалар үчүн да — жалпы Кылмыш-жаза кодексинин 32-беренесине ылайык орусжарандыгынан ажыратууну сунуштаган. Анын үстүнө аталган беренелерди бузуу үчүн жарандыктан «коркунуч туудурган аракеттер» качан жасалган убактысына карабастан ажыратышат, ал эми Федералдык коопсуздук кызматы кылмыштын фактысын аныктайт.

Бирок Орусияда ага чейин деле жарандыктан ажыратышчу. 2020-жылы сот карелиялык Алексей Новиковду «Ислам мамлекетинин» видеосун бөлүшкөнү үчүн орус жарандыгынан ажыраткан. Ошол эле учурда Новиковдун советтик жана ал 2005-жылы алган орус жарандыгынан башка эч бир жарандыгы жок болчу.

Орус паспортторун аннексияланган Крымдын тургундарынан да тартып ала башташкан, паспорттор аларга 2014-жылы жапырт берилген эле. 2017-жылдын августуна барып жарым аралдын 3200дөн ашык тургунунун паспорту жараксыз деп табылган.

Негизи эле, Кыргызстандын бийлиги Орусиядан өзүнө жакпаган адамдар менен уюмдарга каршы күрөшүүнүн ар кандай ыкмаларын алып колдонгонго эбактан бери эле кынык алып алды. Алар Орусия Федерациясынын ЖМК жөнүндөгү мыйзамын дээрлик сөзмө-сөз көчүрүп алышкан, Орусияныкына өтө окшош «фейктер жөнүндө мыйзамды» кабыл алышты, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамына ажыдаардык түзөтүүлөрдү сүрөмөлөп жатышат. Бул жаңы түзөтүүлөрү иш-жүзүндө Конституцияда кепилденген сөз жана чогулуу эркиндигин жокко чыгарат, де-факто цензура киргизип, өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу кандай гана болбосун ачык пикир айтууну кооптуу кылат. Ушундай эле «орусиячыл» ыкма менен мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды да өзгөртүшкөн — ал бюджеттик каражаттын чыгымдалышын көмүскөгө түртөт жана де-факто коррупционерлерге жол ачып берет.

Жарандык коом жана эл аралык уюмдар бийликти мыйзамга киргизилип жаткан кооптуу түзөтүүлөрдү кайра карап чыгууга чакырып жатат. Бирок, кыязы, өлкөнүн жогорку кызматтагы адамдары автократияны курууга багыт алышкандай, тышкы дүйнө менен экономикалык алаканы муздатып алуунун кесепеттеринен кооптонбогондой түр калтырышууда.