Жанар Акаев: Соттор бир жарым жылда зордуктоого шектелген 88 адамга пробациялык көзөмөл дайындаган

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өлкөдө 2022-жылдын башынан бери «16 жашка толо элек өспүрүмдөрдү зордуктаган» деген айыптоо менен соттолгон 88 адам пробациялык көзөмөл менен бошотулганын айтты

«Алар абактан чыгып кеткенден кийин кайра зордуктоого бара берет экен. Өспүрүмдөрдү зордуктоого барган кылмышкер — мыкаачылар үчүн пробация иштебеши керек. Алар оор жазага тартылгандан кийин түрмөдөн бошотконго бөгөт коюшубуз шарт», — деди эл өкүлү.

Акаев мындай маалыматтарды ага Жогорку Сот жана Пробация департаменти бергенин белгиледи. 

«Бир фактты айтсам үрөйүңөр учат. [Зордуктоого айыпталган киши] пробация менен чыгып кеткенден кийин зордуктаган өспүрүм кызга кайра барып, зордуктап, кайрадан боюнда болуптур», — деп билдирди Акаев.

Депутат Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тез арада өзгөртүү киргизүү керек экенин кошумчалады. 

Аны менен катар, депутат Мирлан Самыйкожо кылмышкерлерди өмүр бою эркинен ажыратууга жол берген жаш курагын жогорулатууну сунуштады. Учурда 60 жаштан ашкан эркектер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн эмес. 

Эл өкүлү мындай демилгени Нарын облусундагы жети жашар кыздын өлтүрүлүшү боюнча комментарий берип жатып айтты. Сот 27–сентябрда 64 кыздын өлүмүнө айыптап, 12 жылга эркинен ажыраткан.

27-сентябрда Чүй облустук соту Селекция айылында мурдагы аялын мыкаачылык менен кордоого шектелген кишини 8 жылга эркинен ажыраткан. Буга чейин, апрель айында сот айыпталуучуга пробациялык көзөмөл дайындаган болчу. 

 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Шектүүнү пробацияга бошоткон судьяны аракетине баа берилет