ЖМК: Матраимов УКМКга «профилактикалык маекке» чакыртылган

Коррупция боюнча айыбын мойнуна алган Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбека Матраимов 4-октябрь күнү кечинде УКМКга «профилактикалык маекке» чакыртылган. Бул тууралуу өздүк булактарга таянып Kaktus.media басылмасы жазды

Матраимов УКМКда суракта экени 4-октябрь күнү кечинде белгилүү болгон. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, бир катар маалымат булактары жазган.

Учурда Матраимов кайра коё берилдиби-жокпу же дагы деле УКМКдабы белгисиз. Атайын кызмат өзү комментарий бере элек. 

Райымбек Матраимов УКМКга кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган шартта чакыртылган. 

4-октябрь күнү кечке маал УКМКнын кызматкерлери атайын операциянын жүрүшүндө кримтөбөл Камчы Көлбаевди жок кылышкан. Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, атайын кызмат Көлбаевдин «Дөө-Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун былтыр июлда ТИЗОдо өлтүрүлүшүнө катыштыгын иликтеп жаткан.

Кримтөбөлдү кармоо учурунда Көлбаев «Блондер Паб» барында болуп, УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнү айтылат. Натыйжада спецназ Көлбаевге түз ок чыгарган. 

Врачтар ал ошол эле жерде октон жарадар болуп көз жумганын белгилешкен. 

Матраимов жана коррупция

Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Ага-инилердин улуусу Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында депутат.

Ал эми алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

Абдукардын үй-бүлөсү Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов ага жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүн таандык кайрымдуулук фондго «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу ал Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы али күнгө дейре так белгисиз. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чын жүрөктөн кызмат кылган». Муфтий Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар