«Чын жүрөктөн кызмат кылган». Муфтий Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды

Муфтий Замир Ракыев 16-апрелде 2021-жылы коррупция кылганын мойнуна алган бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу «Кактус Медиа» басылмасы жазды.

Ыраазычылык кат тапшыруу учурундагы видеону Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Исмаил-Ата» фонду жарыялаган.

Басылманын маалыматына ылайык, ыраазычылык кат Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил-Ата» мечитинде тапшырылган. Ракыев Матраимовго ыраазычылык катты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан, «чын жүрөктөн кылган кызматы» үчүн тапшырган.

«Исмаил-Ата» мечитин Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык ушул эле ысымды алып жүргөн «Исмаил Матраимов» коомдук фонду каржылаган.

2022-жылдын августунда Матраимов муфтияттын Бишкектеги жаңы имаратынын курулушуна демөөрчүлүк кылары дагы белгилүү болгон. Фонддон заманбап имарат Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Имам Сарахси мечитинин жанына курулары кабарлашкан.

Анда капсула салууга муфтий Замир Кары Ракыев, «Исмаил-Ата» фондунун жетекчиси Райымбек Матраимов, депутат Шайлообек Атазов жана башка диний ишмерлер катышкан.

Матраимов жана коррупция

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

Абдукардын үй-бүлөсү Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

Дагы окуңуз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Блогер-депутат. Матраимовду актап, мамкызматка кайра алып келүүнү сурангандар кимдер?

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы